ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 30 мая 2024 года № 2126-VII «О внесении изменений в постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 13 января 2022 года № 18-VII»Об утверждении составов комитетов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"

Редакцияот 30.05.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 30-майы № 2126-VII

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичти Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

 

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

1-пунктта:

 

1) 5-пунктчанын он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын:

2) 8-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он тѳртүнчү абзац менен толукталсын:

 

“Токторбаев Жеңишбек Шермаматович – “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;”.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев