Постановление Кабинета Министров КР от 20 июня 2024 года № 325 «О передаче прав акционера открытого акционерного общества»Государственная Страховая Организация"
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-июну № 325
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 781 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы №79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "МКУ" ААК) акционери катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) "МКУ" ААКтын уставдык капиталын көбөйтүүгө акча каражаттарын белгиленген тартипте издеп тапсын жана бөлсүн:
- 2024-жылы - 150 000 000 (үч жүз миллион) сом;
- 2025-жылы - 1 500 000 000 (эки миллиард беш жүз миллион) сом;
- 2026-жылы - 2 500 000 000 (эки миллиард беш жүз миллион) сом;
- 2027-жылы - 1 150 000 000 (бир миллиард бир жүз элүү миллион) сом;
2) 2027-жылга чейин "МКУ" ААКтын ишинен алынган ар жылдык 100 (бир жүз) пайыз өлчөмүндөгү таза пайданы дивиденддерди төлөө жана аталган каражаттарды "МКУ" ААКты капиталдаштырууга багыттоо аркылуу уставдык капиталды көбөйтүүгө багыттасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 781 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу бардык зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүне кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-июнундагы № 47 (3600) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |