Закон КР от 26 июня 2024 года № 104 «О ратификации Протокола о внесении изменений и дополнений в Меморандум о взаимопонимании между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Республики Индия по грантовой помощи от Республики Индия в целях реализации проектов быстрого воздействия, направленных на общественное развитие, подписанный 11 октября 2021 года в городе Бишкек, подписанного 22 января 2024 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 26-июну № 104
2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2024-жылдын 22-январында Бишкек шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2024-жылдын 22-январында Бишкек шаарында кол коюлган протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Индия тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 29-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |