Порядок определения тарифов на услуги централизованного питьевого водоснабжения и водоотведения (к постановлению Кабинета Министров КР от 19 июня 2024 года № 320)
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 токтомуна) |
Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) тарабынан көрсөтүлүүчү борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди түзүү боюнча бирдиктүү методикалык көрсөтмө болуп саналат.
2. Бул Тартиптин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди негизсиз белгилөөгө жана жогорулатууга жол бербөө;
2) керектөөчүлөрдү ичүүчү сууну этияттык менен пайдаланууга жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды колдонууга дем берүү;
3) борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
3. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) суу менен камсыздоо - Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Мыйзамынын талаптарына ылайык ичүүчү сууну алуу, жугушсуздандыруу, ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
2) саркынды сууларды чыгаруу - үй чарбаларынын, уюмдардын жана ишканаларынын аймагынан агынды сууларды калктуу конуштар үчүн коопсуз ыкма менен чыгарууну камсыз кылуучу жана аны айлана-чөйрөгө кайтарууда суунун сапатынын стандарттарына жооп берген агынды сууларды кабыл алуу, ташуу жана тазалоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
3) суу түтүк-канализация чарбасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркы - ишкананын (уюмдун) керектөөчүлөрдү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана/же көрсөтүү үчүн зарыл болгон акчалай формадагы чыгымдарынын (пландалган же иш жүзүндөгү) жыйындысы;
4) калькуляция - борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдигинин наркын эсептөө;
5) тикелей чыгымдар - борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү процесси менен түздөн-түз байланышкан чыгымдар, аларды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркына түздөн-түз киргизүүгө болот;
6) кыйыр чыгымдар - борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнүн өздүк наркына түздөн-түз киргизүүгө мүмкүн болбогон жана ишкананын (уюмдун) өндүрүштүк процесстерин жана бүтүндөй ишин камсыз кылган чыгымдар (мисалы, көмөкчү жана административдик-башкаруу персоналынын эмгек акысын төлөөгө чыгымдар жана социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр, электр энергиясына, жабдуулардын амортизациясына, ижара акысына чыгымдар, транспорттук чыгымдар, жалпы чарбалык чыгымдар ж.б.).
4. Кыйыр чыгымдар төмөндө саналган критерийлердин бири боюнча бөлүштүрүлүшү (пропорциялуу) мүмкүн:
- тикелей материалдык чыгымдар (тикелей чыгымдардын суммасы);
- эмгек түйшүгү;
- кирешелердин үлүшүнө пропорциялуу;
- алынган шарттуу коэффициент.
5. Кыйыр чыгымдарды бөлүштүрүү методикасы ишкана (уюм) тарабынан өз алдынча аныкталат жана бааларды (тарифтерди) түзүүдө да, иш жүзүндө пайда болгон кыйыр чыгымдарды аныктоодо да колдонулат.
6. Бул Тартипте колдонулуучу башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жана суу менен камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат.
3-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди аныктоонун негизги принциптери
7. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер экономикалык жактан негизделген өздүк наркынан (иш жүзүндөгү же пландуу) жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын зарыл болгон деңгээлин сактоо жана негизги фонддорду модернизациялоого, реконструкциялоого жана реабилитациялоого өзүнүн каражаттарын инвестициялоо үчүн, ошондой эле суу менен камсыздоочу ишканалардын (уюмдардын) жамааты үчүн социалдык-материалдык жеңилдиктерди берүү үчүн резерв түзүүгө эл аралык финансы институттарынан алынган кредиттер жана зайымдар боюнча карыздык милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү болгон (мүмкүнчүлүгүнө жараша) кирешенин белгилүү өлчөмүнөн аныкталат.
Суунун өздүк наркын эсептөө алынган сууга кеткен чыгымдарды, жугушсуздандыруу боюнча чыгымдарды, ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча чыгымдарды белгилүү бир мезгилде (ай, квартал, жыл) сатылган суунун көлөмүнө бөлүү, ошондой эле агынды сууларды ташууга, кабыл алууга жана жугушсуздандырууга кеткен чыгымдарды белгилүү бир мезгилде (ай, квартал, жыл) абоненттерден тазалоого кабыл алынган агынды суулардын көлөмүнө бөлүү жолу менен жүргүзүлөт.
8. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер төмөнкү категорияларга дифференцияланат:
1) 1-категория - жеке жактар (калк);
2) 2-категория - менчигинин түрүнө жана баланстык тиешелүүлүгүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде бюджеттик уюмдар, жеке ишкерлер.
9. Тиешелүү категориядагы керектөөчүлөр үчүн тарифтер төмөнкүдөй принциптер боюнча белгиленет:
1) 1-категориядагы керектөөчүлөр үчүн - тарифтер иш жүзүндөгү чыгымдарга жана борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкананын (уюмдун) өздүк каражаттарын негизги фонддорду модернизациялоого, реконструкциялоого жана реабилитациялоого инвестициялоо үчүн резервди түзүү үчүн каражаттарды камсыз кылуучу рентабелдүүлүк ченемине жараша, бирок Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык өткөн календардык жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлинен төмөн эмес белгиленет;
2) 2-категориядагы керектөөчүлөр үчүн - тарифтер иш жүзүндөгү чыгымдарга жана борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкананын (уюмдун) өздүк каражаттарын негизги фонддорду модернизациялоого, реконструкциялоого жана реабилитациялоого инвестициялоо үчүн резервди түзүү максатында каражаттарды камсыз кылуучу рентабелдүүлүк ченемине жараша же инвестициялык долбоорлорго ылайык зарыл болгон, бирок Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык өткөн календарлык жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлинен төмөн эмес белгиленет.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы биринчи категориядагы керектөөчүлөр үчүн жеңилдетилген тариф менен эсептик тарифтин ортосундагы айырманын орду толукталган шартта жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеңилдетилген тарифтерди берүүгө укуктуу.
11. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтер монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашылат жана ушул Тартипке ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет.
4-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди макулдашуу жана бекитүү тартиби
12. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди макулдашуу үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканалары (уюмдары) тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкү материалдар берилет:
1) коштомо кат (эркин формада);
2) тарифтердин прейскурантынын долбоору 2 нускада кагаз жүзүндө, аларга жетекчи жана башкы бухгалтер кол коюуга жана ишкананын (уюмдун) мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө, ошондой эле электрондук форматта берилүүгө тийиш;
3) ишкананын (уюмдун) негизги техникалык-экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү;
4) бардык тиркемелери менен баланстык отчет;
5) учурдагы тарифтерди суммалык жана сандык түрдө колдонууну талдоо;
6) чыгымдардын калькуляциясы;
7) калькуляциялардын көрсөткүчтөрүнүн салыштырма таблицасы;
8) коштомо чыгымдардын чечмелениши (коштомо чыгамдардын негиздемеси);
9) баалардын (тарифтердин) деңгээли өзгөргөндө себептердин негиздемеси;
10) пайданын (рентабелдүүлүк) кабыл алынган көлөмүнүн негиздемеси.
13. Берилген материалдардын тууралыгы жана аныктыгы үчүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканасынын (уюмдун) жетекчиси жоопкерчилик тартат.
14. Ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар жок болгон учурда, берилген документтер монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан каралбайт. Документтерди кароодон баш тартуу монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндөн кеч эмес суу менен камсыздоо ишканасына (уюмуна) жиберилет жана анда жетишпеген маалыматтардын тизмеги камтылууга тийиш.
15. Берилген материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн бардык эсептик материалдар келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралат.
16. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар (уюмдар) тарифтерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө тарифтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүгө милдеттүү.
17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы макулдашылган тарифтерди алган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттүн ичинде макулдашылган тарифтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына бекитүүгө киргизүүгө милдеттүү.
18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жакынкы сессияда тарифтерди бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алат же болбосо тарифтерди бекитүүдөн жүйөлүү (экономикалык жактан негизделген) баш тартууну борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишканага (уюмга) жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жиберет.
19. Тарифтер Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жаңы тарифтер бекитилгенге чейин колдонулат.
Юридикалык жана жеке жактардын кайрылуулары, даттануулары, арыздары болгон учурда, ошондой эле ишканалар жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ушул Тартипке ылайык тарифти өзгөртүүнү демилгелөөгө укуктуу.
5-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркына киргизилүүгө тийиш болгон чыгымдардын курамы
20. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн өздүк наркы төмөнкүдөй беренелер боюнча түзүлөт:
1) сырьё жана материалдык чыгымдар;
2) эмгек акы төлөөгө чыгымдар жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр;
3) отчёттук мезгилде негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациясы;
4) негизги каражаттарды оңдоо;
5) коммуналдык чыгымдар;
6) транспорттук чыгымдар;
7) административдик чыгымдар;
8) жалпы чарбалык чыгымдар.
21. Материалдык чыгымдар беренесинде нормалдуу технологиялык процессти камсыз кылуу үчүн борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү процессинде пайдаланылуучу сатып алынуучу материалдардын (КНСти эсепке албастан), көмөкчү материалдардын (эгерде алар өзүнчө статьяда бөлүнбөсө) наркы чагылдырылат.
Эгер ишкана (уюм) КНСти төлөөчү болбосо, анда бул материалдардын наркы КНСти эсепке алуу менен аныкталат.
22. Технологиялык максаттагы отун жана энергия беренесинде технологиялык максатта сарпталган отундун бардык түрлөрүн сатып алууга кеткен чыгымдар көрсөтүлөт.
Эскертүү: өндүрүшкө сарпталган бир тектүү отун бекитилген ченемдердин чегинде натуралдык эсептегичтерде сактоо кампасында орточо салмактанып алынган баа боюнча бааланат.
Отундун өндүрүштө сарпталышы анын түрүнө жана маркасына карабастан шарттуу отунга айлантып эсептөө менен бирдиктүү эсептөөгө келтирилет.
Уурдоолор жана кыянаттык менен пайдалануулар болгон учурда чийки заттын жана материалдардын кем чыгуулары өздүк наркка киргизилбейт.
Сатып алынуучу энергияга чыгымдар белгиленген ченемдерге ылайык белгиленген баалар (тарифтер) боюнча аны төлөөгө кеткен чыгымдардан турат.
23. Эмгек акы төлөөгө чыгымдар беренесинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык штаттык расписаниеге, эмгек келишимине ылайык эсептелген иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн эмгек акыны, сый акыларды, тарифтик ставкаларга үстөк акыларды, өргүү акыларын, дем берүүчү төлөмдөрдү жана компенсацияларды төлөөгө кеткен чыгымдар чагылдырылат. Эмгек акыга кеткен чыгымдардын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ишканада (уюмда) кабыл алынган эмгек акы төлөө формаларына жана системаларына ылайык иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн баалап төлөөгө, тарифтик ставкаларга жана кызматтык маяналарга жараша эсептелген эмгек акы төлөөлөр;
2) кесиптик чеберчилиги, эмгектеги жогорку жетишкендиктери ж.б. үчүн тарифтик ставкаларга жана маяналарга үстөктөр;
3) иш режими жана эмгек шарттары менен байланышкан компенсациялоочу жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түнкү убакта иштегендиги, мөөнөтүнөн ашык иштегендиги, көп сменалуу режимде иштегендиги, эмгектин оор, зыяндуу, өзгөчө зыяндуу шарттарында иштегендиги үчүн тарифтик ставкаларга жана маяналарга үстөктөр жана кошумча төлөөлөр;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык иштеген жылдары үчүн бир жолку сый акылар (ушул чарбада адистиги боюнча иш стажы үчүн үстөктөр);
5) эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү эмгек акыны райондук жөнгө салуу менен шартталган төлөмдөр, анын ичинде райондук коэффициенттер жана жетүүгө кыйын болгон бийик тоолуу жана алыскы жерлерде иштегендиги үчүн коэффициенттер боюнча төлөмдөр, өзгөчө жаратылыш-климаттык шарттары (бийик тоолуу, барууга кыйын, алыс жайгашкан) райондордо иштин жагымсыз шарттары үчүн эмгек акысына компенсация каралган республиканын айрым региондорунда үзгүлтүксүз иш стажы үчүн каралган эмгек акыга үстөктөр.
24. Социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр беренесинде мамлекеттик Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү чегерүүлөр чагылдырылат.
25. Негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациясы беренесинде Салык кодексине жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык же эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин амортизациялык чегерүүлөрүнүн суммасы чагылдырылат.
26. Амортизациялык чегерүүлөр алардын баланстык наркына жана бекитилген ченемдерге же эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүдө түздөн-түз пайдаланылуучу негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасын чагылдырат. Эскертүү: амортизация төмөнкүлөрдүн негизинде эсептелет:
1) экономикалык пайда алуу болжолдонгон убакыт мезгилинин;
2) көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүнүн.
27. Негизги фонддорду кайра баалоо Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
28. Негизги каражаттардын объектин сатып алууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар сатып алуу баасын, анын ичинде импорттук алымдарды жана сатып алуудагы орду толтурулбаган салыктарды, ошондой эле арналышы боюнча пайдалануу үчүн активди жумуш абалына келтирүү боюнча кандай болбосун тике сарптоолорду камтыйт. Ар кандай соода арзандатуулары сатык баасын аныктоодо алынып салынат.
29. Тике чыгымдар төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) аянтты даярдоо чыгымдары;
2) баштапкы жеткирүү жана түшүрүү чыгымдары;
3) орнотууга жана башка жөндөө-иштетүү жумуштарына чыгымдар;
4) инженерлердин жумушу сыяктуу кесиптик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
5) демонтаждын болжолдуу наркы.
30. Негизги каражаттарды оңдоо беренесине отчеттук мезгилдин башына карата бардык негизги каражаттардын баланстык наркынын 15 пайызын түзгөн суммада иштер кошулат.
31. Транспорттук чыгымдар беренесине атайын техниканы жана автотранспортту күтүүгө (КММ, покрышкалар, аккумуляторлор, запастык бөлүктөр, оңдоо) иш жүзүндөгү чыгымдар чагылдырылат.
32. Административдик чыгымдар беренесинде жалпы жетекчиликке байланыштуу чыгымдар чагылдырылат, анын ичинде:
1) башкаруучу жана жалпы чарбалык персоналга тиешелүү кызматкерлердин эмгек акысы. Эмгекке акы төлөө чыгымдарынын курамына "Эмгек акы төлөөгө чыгымдар" беренесинде көрсөтүлгөн жана башкаруучу жана жалпы чарбалык персоналга чегерилүүчү бардык төлөмдөр киргизилет;";
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарына ылайык социалдык жана медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр;
3) башкаруунун административдик аппаратын, түзүмдүк бөлүмдөрдү тейлеген кызматкерлерди кармоого, аларды материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөөгө, анын ичинде кызматтык жеңил автотранспортту күтүүгө кеткен чыгымдар. Борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнүн өздүк наркына киргизилүүчү кызматтык жеңил автотранспорттун бирдиктеринин саны, аларды тейлөөгө кеткен чыгымдар ыйгарым укуктуу монополияга каршы орган менен макулдашылат;
4) башкаруунун техникалык каражаттарын, байланыш түйүндөрүн, сигнализация каражаттарын, эсептөө борборлорун жана башкаруунун өндүрүшкө тиешеси жок башка техникалык каражаттарын кармоого жана тейлөөгө чыгымдар (жалпы чарбалык багыттагы негизги каражаттардын эскириши, имараттарды, курулмаларды жана жалпы чарбалык багыттагы шаймандарды кармоого чыгымдар). Имараттарды жана курулмаларды оңдоо боюнча чыгымдар финансылык жылга түзүлгөн сметаларга ылайык наркка киргизилет, алар отчеттук мезгилде өздөштүрүлүүгө тийиш;
5) банктын кызматына акы төлөө;
6) субъекттин штаттык расписаниесинде тигил же бул функционалдык кызматтар каралбаган учурларда жалпы чарбалык башкаруу боюнча башка уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу кызматтарга акы төлөө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башкармалыктын административдик персоналынын иш сапарларына чыгымдар;
8) кеңсе, типография, почта, телеграф жана телефон чыгымдары;
9) санитардык-гигиеналык талаптарды аткарууну камсыз кылуу боюнча чыгымдар;
10) жалпы чарбалык багыттагы негизги каражаттарды ижаралоо боюнча чыгымдар;
11) өндүрүштүк контролдоо программасын түзүүгө жана аткарууга, анын ичинде коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча ичүүчү сууга жана саркынды сууларга лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө чыгымдар;
12) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык өндүрүштүк эмес кызматкерлердин (башкаруу аппараты ж.б.) иштеген жылдары үчүн сый акы.
33. Жалпы чарбалык чыгымдар беренесинде төмөнкүлөр камтылган:
1) салыктар (орду толтурулбаган);
2) жыйымдар;
3) төлөмдөр (анын ичинде камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча);
4) булгоочу заттарды чыгаргандыгы (төккөндүгү) үчүн төлөмдөр;
5) ойлоп табуулар жана рационализатордук сунуштар үчүн сый акылар;
6) Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген ставкалардын чегинде банктардын кредиттери боюнча төлөмдөр (негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатып алуу менен байланышкан кредиттерди кошпогондо) жана товардык-материалдык баалуулуктарды (башка ишканалар тарабынан иштерди жүргүзүү, кызматтарды көрсөтүү) сатып алуу үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн) кредиттери боюнча пайыздарды төлөөгө чыгымдар;
7) продукцияны сертификациялоого кеткен чыгымдар;
8) иш сапарга кеткен чыгымдар;
9) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого чыгымдар;
10) кызматкерлерди уюшкан түрдө ишке тартуу боюнча чыгымдар;
11) негизги өндүрүштүк фонддор үчүн ижара акысы;
12) ведомстволук лабораторияларды кармоого кеткен чыгымдар;
13) негизги каражаттарды оңдоого пландаштырылган чыгымдар;
14) өндүрүштү кеңейтүү (модернизациялоо, реконструкциялоо) жана өндүрүштүн кубаттуулугун көбөйтүүгө тажрыйбалык иштетүү үчүн жабдууну сатып алууга жана орнотууга (монтаждоого) алынган кредит (ссуда) үчүн пайыздар;
15) эмгекти коргоо чыгымдары;
16) кымбат эмес жана тез эскирүүчү буюмдардын эскириши;
17) жабдууларды кармоого жана эксплуатациялоого чыгымдар;
18) өндүрүштүк эмес чыгымдар;
19) башка уюмдар тарабынан суу түтүк-канализация чарбасынын объекттерин кайтарууга кеткен чыгымдар;
20) лицензиялык-уруксат берүү документтерине кеткен чыгымдар;
21) ижара;
22) коммуналдык чыгымдар;
23) кеңсе чыгымдары.
34. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына төмөнкүлөр кирбейт:
1) турак жай шарттарын жакшыртууга материалдык жардам, пайызсыз ссуда жана башка социалдык төлөмдөр;
2) дарыланууга жана эс алууга, экскурсияга жана саякатка ж.б. жолдомонун акысын төлөө;
3) түздөн-түз эмгек акы төлөө менен байланышпаган төлөмдөрдүн башка түрлөрү;
4) соттук чыгымдар;
5) финансылык-чарбалык иштерди текшерүү менен байланышкан чыгымдар;
6) чарбалык иштеги бузуулар үчүн айып пулдар, туумдар жана санкциянын башка түрлөрү;
7) уурдоодон келип чыккан зыяндар;
8) демөөрчүлүк жардамдын бардык түрлөрүн көрсөтүү;
9) турак жай, жатакана үчүн төлөө;
10) реконструкция жана колдонуудагы кубаттуулукту көбөйтүү учурларынан тышкары, жаңы абоненттерди кошуу менен байланышкан капиталдык курулуштарга кеткен чыгымдар;
11) кызматтарды аткарууга түздөн-түз тийиштүү болбогон башка чыгымдар.
Ошондой эле төмөнкүлөргө тыюу салынат:
12) кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына (тарифине) киргизилген каражаттарды максатсыз колдонууга;
13) кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына (тарифине) киргизилбеген иштерди ишке ашырууга.
35. Ар бир топ үчүн тарифтердин наркын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
1) 1-категория үчүн: P1 = Z1 / V + (In * (Z1 / V) / 100)
мында:
P1 - керектөөчүлөрдүн биринчи категориясына бир куб. метр (м3) үчүн суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына тариф;
Z1 - ушул Тартиптин 17-пунктуна ылайык чыгымдар;
V - бардык керектөөчүлөр тарабынан суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын керектөөнүн пландаштырылган көлөмү куб. метр (м3) менен (өткөн мезгилдин иш жүзүндөгү көлөмүнүн негизинде же жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген керектөө нормасына ылайык);
In - негизги фонддорду модернизациялоого, реконструкциялоого жана реабилитациялоого өздүк каражаттарды инвестициялоого резервди түзүү үчүн каражаттарды камсыз кылуучу рентабелдүүлүктүн ченеми, бирок Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык өткөн календарлык жыл үчүн иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлинен төмөн эмес;
2) 2-категория үчүн: P2= Z1 / V + (R * (Z1 / V) / 100)
мында:
P2 - бир куб. метр (м3) үчүн суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына керектөөчүлөрдүн экинчи категориясы үчүн тариф;
Z1 - ушул Тартиптин 17-пунктуна ылайык чыгымдар;
V - бардык керектөөчүлөр тарабынан суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын керектөөнүн пландаштырылган көлөмү куб. метр (м3) менен (өткөн мезгилдин иш жүзүндөгү көлөмүнүн негизинде же жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген керектөө нормасына ылайык).
R - негизги фонддорду модернизациялоого, реконструкциялоого жана реабилитациялоого өздүк каражаттар үчүн резервди түзүү үчүн каражаттарды камсыз кылуучу же инвестициялык долбоорлорго ылайык зарыл рентабелдүүлүк ченеми, бирок Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык өткөн календарлык жылдын иш жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлинен төмөн эмес.
6-глава. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүлөргө карата тарифтин туура түзүлүшүн мамлекеттик контролдоо
36. Борборлоштурулган суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифти түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын жана ушул Тартиптин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.
7-глава. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
37. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматын көрсөткөн ишкана (уюм) макулдашууга материалдарды бербегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрү тиешелүү жазма буйрук берет.
38. Жазма буйруктун талаптарын аткарбаган учурда, ошондой эле тастыкталган маалыматтарды бербегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
8-глава. Чечимдерге даттануунун тартиби
39. Суу менен камсыздоо ишканасы (уюму) монополияга каршы мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жана жергиликтүү кеңештин чечимине административдик иш жана административдик жол-жоболор тууралуу мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу. Суу менен камсыздоо ишканасы (уюму) административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда сотко кайрылууга укуктуу.