ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 4 июля 2024 года № 363 «О мерах по реализации требований статьи 146 Налогового кодекса Кыргызской Республики»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 4-июлу № 363

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Салык кызматынын органдарынын банктар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесине, ''Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Салык кызматынын органдары менен банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ортосунда маалымат алмашуу тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банктар, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан электрондук өз ара аракеттенүүнүн талаптары жана форматтары бекитилген учурдан тартып 6 айдын ичинде ыйгарым укуктуу салык органы менен маалыматтык системалардын интеграциясын камсыз кылууга милдеттүү деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров