Постановление Жогорку Кенеша КР от 3 апреля 2024 года № 1956-VII «Об образовании временной депутатской комиссии по изучению нарушений законодательства в сфере здравоохранения»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-апрели № 1956-VII
Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Мекенчил" депутаттык тобунун 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 124 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды иликтөө боюнча төмөнкүдөй курамда убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
Г.О.Култаева - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
А.Н.Абдибаева - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Ш.Мажитова - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Н.Я.Алимжанова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
С.А.Айжигитов - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Ж.Коргонбай уулу - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Ж.П.Нурбаев - "Элдик" депутаттык тобунан.
2. Комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары көмөк көрсөтсүн.
3. Маалыматтарды жыйноо, талдоо, иликтөө жана жалпылоо, материалдарды даярдоо үчүн Комиссия өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлерин, зарыл болгон учурда - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, коомдук уюмдардын адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
4. Комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |