Постановление Жогорку Кенеша КР от 26 июня 2024 года № 2279-VII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о финансировании проекта «Устойчивость региональных пастбищных сообществ - Адапт» (ПУРПС - Адапт) между Кыргызской Республикой и Международным фондом сельскохозяйственного развития, подписанного 14 мая 2024 года в городе Рим»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-июну № 2279-VII
"2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы "Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу - Адапт" долбоорун (РЖЖТД-Адапт) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 14-июнундагы чыг. № 18-5331) "2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фондунун ортосундагы "Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу - Адапт" долбоорун (РЖЖТД-Адапт) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |