ПостановлениеДействует

Постановление мэрии города Бишкек от 5 июля 2024 года № 1-НПА «О ведомственной форме одежды и знаках различия сотрудников Муниципальной инспекции мэрии города Бишкек»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2024-жылдын 5-июлу № 1-ЧУА

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимин кийүү эрежеси 1-тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы:

- ушул токтом менен бекитилген Форма кийимин кийүү эрежесин сактоо үчүн кызматкерлердин жеке жоопкерчиликтерин белгилесин;

- ушул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгы ведомстволук форма кийимин даярдоо үчүн акча каражатын белгиленген тартипте бөлүүнү камсыздасын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү ушул токтомду Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жарыяласын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Бишкек шаарынын мэри

 

А.Дж. Джунушалиев

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын  2024-жылдын 5-июлундагы  № 1-ЧУА токтомуна  2-тиркеме

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин жана айырмалоочу белгилеринин  СЫПАТТАМАСЫ

1. Форма кийиминин буюмдарынын сыпаттамасы

1. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийими күнүмдүк жана параддык болуп бөлүнөт, алар төмөнкүдөй түрлөрдө болот: жайкы, жазгы-күзгү жана кышкы.

2. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин параддык кийим формасы:

1) эркектер үчүн:

- кочкул-көк түстөгү параддык фуражка;

- кочкул-көк түстөгү параддык китель;

- узун жеңдүү ак түстөгү көйнөк;

- кочкул-жашыл лампастары бар кочкул-көк түстөгү шым;

- кочкул-көк түстөгү параддык галстук;

- кара түстөгү шым кур;

- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;

- кочкул-жашыл кыюусу бар ак түстөгү погондор;

2) аялдар үчүн:

- кочкул-көк түстөгү параддык фуражка (панама);

- кочкул-көк түстөгү параддык китель;

- узун жеңдүү ак түстөгү көйнөк;

- кочкул-көк түстөгү юбка;

- кочкул-көк түстөгү параддык галстук;

- кара түстөгү бут кийим;

- жашыл кыюусу бар ак түстөгү погондор;

3. Инспекторлорду кошпогондо, Муниципалдык инспекциянын эркек кызматкерлеринин күнүмдүк кийими:

1) жайкы:

- күнүмдүк фуражка же жайкы кепка (бейсболка);

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк китель кочкул-жашыл лампастары бар кочкул-көк түстөгү шымы менен;

- кыска же узун жеңдүү ачык-көк түстөгү күнүмдүк көйнөк;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк галстук;

- кочкул көк-түстөгү күнүмдүк футболка;

- кара түстөгү шым кур;

- кара түстөгү кончу кыска ботинка;

- жашыл кыюусу бар кочкул кок түстөгү погондор;

2) жазгы-күзгү:

- күнүмдүк фуражка же жазгы-күзгү кепка (бейсболка);

- кочкул-көк түстөгү жазгы-күзгү күрмө;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;

- кочкул-жашыл лампастары бар түз шым;

- узун жеңдүү ачык-көк түстөгү күнүмдүк көйнөк;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк галстук;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк футболка;

- кара түстөгү шым кур;

- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;

- жашыл кыюусу бар кочкул-көк түстөгү погондор;

3) кышкы:

- кочкул-көк түстөгү жылууланган кулакчындуу тумак;

- кочкул-көк түстөгү жылууланган күрмө;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;

- узун жеңдүү ачык-көк түстөгү күнүмдүк көйнөк;

- кара түстөгү шым кур;

- кара түстөгү мээлейлер;

- кара түстөгү жылууланган өтүк;

- жашыл кыюусу бар кочкул-көк түстөгү погондор;

4. Инспекторлорду кошпогондо, Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин аялдар үчүң күнүмдүк кийими:

1) жайкы:

- күнүмдүк фуражка же жайкы кепка (бейсболка). Фуражканын ордуна кочкул-көк түстөгү панама берилиши мүмкүн;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк китель;

- кочкул-көк түстөгү юбка;

- кочкул-жашыл лампастары бар түз шым;

- узун же кыска жеңдүү ачык-көк түстөгү күнүмдүк көйнөк;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк галстук;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк футболка;

- кара түстөгү бут кийим;

- жашыл кыюусу бар кочкул-кек түстөгү погондор;

2) жазгы-күзгү:

- күнүмдүк фуражка же жазгы-күзгү кепка (бейсболка). Фуражканын ордуна кочкул-көк түстөгү панама берилиши мүмкүн;

- кочкул-көк түстөгү жазгы-күзгү күрмө;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;

- кочкул-жашыл лампастары бар түз шым;

- узун жеңдүү ачык-көк түстөгү күнүмдүк көйнөк;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк галстук;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк футболка;

- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;

- жашыл кыюусу бар кочкул-көк түстөгү погондор;

3) кышкы:

- кочкул-көк түстөгү жылууланган кулакчындуу тумак;

- кочкул-көк түстөгү жылууланган күрмө;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;

- узун жеңдүү ачык-кок түстөгү күнүмдүк көйнөк;

- кара түстөгү шым кур;

- кара түстөгү мээлейлер;

- кара түстөгү жылууланган кыска кончтуу ботинка;

- жашыл кыюусу бар кочкул-көк түстөгү погондор;

5. Муниципалдык инспекциянын инспекторлорунун күнүмдүк форма кийимдери:

1) жайкы:

- күнүмдүк фуражка же жайкы кепка (бейсболка);

- жашыл лампасы бар кочкул-көк түстөгү жилет;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк китель

- кочкул-жашыл лампастары бар кочкул-көк түстөгү шым;

- узун же кыска жеңдүү ачык-көк түстөгү көйнөк;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк галстук;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк футболка;

- кочкул-көк түстөгү шым (карго);

- кара түстөгү шым кур;

- кара түстөгү кончу кыска жайкы ботинка;

- жашыл кыюусу бар кочкул-көк түстөгү погондор;

2) жазгы-күзгү:

- күн сайын кийилүүчү фуражка же жазгы-күзгү кепка (бейсболка);

- кочкул-жашыл лампасы бар кочкул-көк түстөгү жилет;

- жазгы-күзгү күрмө;

- күнүмдүк костюм же пуловер;

- кочкул-жашыл лампастары бар түз шым;

- узун жеңдүү ачык-көк түстөгү күнүмдүк көйнөк;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк галстук;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк футболка;

- кочкул-көк түстөгү шым (карго);

- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;

- жашыл кыюусу бар кочкул-көк түстөгү погондор;

3) кышкы:

- кочкул-көк түстөгү жылууланган кулакчындуу тумак;

- жашыл лампасы бар кочкул-көк түстөгү жилет;

- жылууланган күрмө;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;

- узун жеңдүү ачык-кок түстөгү күнүмдүк көйнөк;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк галстук;

- кочкул-көк түстөгү күнүмдүк футболка;

- кочкул-көк түстөгү шым (карго);

- кара түстөгү шым кур;

- кара түстөгү мээлейлер;

- кара түстөгү ботинка;

- жашыл кыюусу бар кочкул-көк түстөгү погондор.

2. Айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы

6. Форма кийиминин элементтеринин бардык өлчөмдүк мүнөздөмөлөрү сантиметр (мындан ары - см) жана миллиметр (мындан ары - мм) менен көрсөтүлгөн.

7. Баш кийимдерде (фуражка, кепка (бейсболка) жана кулакчындуу тумак) диаметри 60 мм болгон Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын логотипи түрүндөгү кокарда каралган. Негизги бетинин түсү кара-кок. Кокарданын кыры туурасы 3 мм кочкул-көк түстө.

8. Ийинге тагылма погондор кителге, күрмөгө, көйнөккө, футболкага кадалат. Погон катарлаш кеткен узун жактары бар, созулган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине катарлаш кетет.

9. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин погондорунун түрлөрү:

1) параддык катуу, тигилген;

2) параддык муфта-погондор, жумшак;

3) күнүмдүк катуу, тигилген;

4) күнүмдүк, жумшак муфта-погондор

10. Погондордун өлчөмдөрү:

1) тигилген - узундугу 14 см, туурасы 5 см;

2) муфталарда - узундугу 10 см, туурасы 5 см.

11. Погондордун талаачаларында кыюулар каралган. Погондордун фондук өңү жана декоративдик элементтери погондордун арналышына жана конструкциясына жараша болот. Катуу погондордун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби погондун жогорку четинен эмблеманын ортосуна чейин 23 мм аралыкта жайгаштырылат.

12. Катуу погондордо погондун периметри боюнча четинен 1,5 мм аралыкта кочкул-жашыл түстөгү, жазылыгы 3 мм кыюу жасалат. Погондордо жазылыгы 4 мм узунунан кеткен тилкелер жайгаштырылат. Тилкелер оюктуу, кочкул-жашыл түстө болот.

Погондор кочкул-көк түстө.

13. Параддык жана күнүмдүк катуу, тигилүүчү погондор параддык мундирлер жана күнүмдүк кителдер менен тиешелүү түрдө кийилет. Бекитүү ыкмасы - тигүү.

14. Параддык муфта-погондор узун жана кыска жеңдүү ак түстөгү көйнөк менен гана кийилет.

15. Күнүмдүк муфта-погондор мундирлерди, кителдерди кошпогондо форма кийиминин предметтери менен кийилет.

16. Погондорго муниципалдык кызматчылардын ээлеген кызмат ордуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылган класстык ченине ылайык диаметри 13, 20, 25 мм болгон үч өлчөмдүү беш бурчтуу жылдыз тагылат.

17. Күнүмдүк жана параддык погондордогу жылдыздар алтын түстүү болот.

18. Муниципалдык инспекциянын инспекторлорунун күнүмдүк кийимдеринде күрмөнүн оң текчесинде клапандын жогорку четинин үстүндө "МУНИЦИПАЛДЫК ИНСПЕКЦИЯ" деген тексти бар кыйык жайгаштырылат.

19. Кыйык Arial шрифтти колдонуу менен 11,7 см, туурасы 2,8 см өлчөмүндө болушу керек. Тамгалардын бийиктиги 0,8 см, тамгалардын калыңдыгы 0,2 см. Жашыл түстөгү алкактын калыңдыгы 0,4 см.

20. Жең белги Бишкек шаарынын мэриясынын жана Муниципалдык инспекциянын эмблемасы түшүрүлгөн диаметри 81 мм токулган-тигилген шеврон түрүндө болот. Шеврондун кыюусу кочкул-көк түстө, туурасы 3 мм.

21. Форма кийиминин топчулары: параддык - алтын түстүү, күнүмдүк форма кийиминде сыдырма түрүндө болот.

 

 

Мэрдин орун басары

 

Ж.С. Ырсалиев