Правила ношения форменной одежды сотрудниками Муниципальной инспекции мэрии города Бишкек (утверждены постановлением мэрии города Бишкек от 5 июля 2024 года № 1-НПА)
| Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 1-ЧУА токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимин кийүү
ЭРЕЖЕСИ
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимин кийүү эрежеси (мындан ары - Эреже) Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын (мындан ары - Муниципалдык инспекция) кызматкерлери кийүүгө милдеттүү болгон тийиштүү тышкы белгилери боюнча бирдейлештирилген кийимдин предметтеринин комплектисинен турган форма кийимин кийүүнүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Эреженин талаптарына ылайык, аткарган ишинин мүнөзүнө байланыштуу, кызмат учурунда күнүмдүк классикалык кийимин кийүүгө Муниципалдык инспекциянын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилген кызматкерлерден тышкары, Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда форма кийимин кийүүгө милдеттүү болуп саналат.
3. Ушул Эрежеде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) форма кийими - белгиленген үлгүдөгү форма жана атайын кийим;
2) айырмалоочу белгилер - кызматкердин Муниципалдык инспекцияга таандык экендигин аныктоочу форма кийиминин жабдууларынын элементтери;
3) погондор - Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин форма кийиминдеги айырмалоочу белгилер;
4) шеврондор - кызматкердин Муниципалдык инспекцияга таандык экендигин аныктоочу жеңге тагылуучу айырмалоочу белгилер;
5) төшкө тигилүүчү кыйыктар - кызматкердин Муниципалдык инспекцияга таандык экендигин аныктоочу айырмалоочу белгилер.
4. Түстөрдүн жана конструкциялардын, ошондой эле айырмалоочу белгилердин жана декоративдүү элементтердин, анын ичинде погондордун жана фурнитуралардын айкалышы Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийиминин маанилүү белгилери болуп саналат.
5. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтери бекитилген үлгүлөргө, сыпаттамаларга ылайык келүүгө, жарашыктуу нак келүүгө, тазаланган жана үтүктөлгөн болууга, ошондой эле кынтыксыз абалда кармалууга тийиш.
6. Форма кийимин күнүмдүк кийим менен бирге кийүүгө, ошондой эле белгиленбеген түрдөгү форма кийимин кийүүгө жол берилбейт.
7. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийими күнүмдүк жана параддык болуп бөлүнөт, алар өз кезегинде төмөнкү түрлөрдө болот: жайкы, кышкы жана жазгы-күзгү.
8. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимдери төмөнкүдөй учурларда кийилет:
1) параддык - аземдик каада-салттарды аткарууда, салтанаттуу, расмий иш-чараларга. эл аралык сүйлөшүүлөргө катышууда;
2) күнүмдүк - күнүмдүк кызматтык иш-аракетти жүзөгө ашырууда, кызматтык маселелер боюнча кеңешмелерге, чогулуштарга, жыйындарга катышууда, жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөөдө.
9. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимдеринин түрү аба ырайынын шарттарына жана ушул Эреженин талаптарына ылайык, Муниципалдык инспекциянын жетекчиси тарабынан аныкталат.
10. Жайкы же кышкы форма кийимине өтүү, жаз мезгилинде кийүүнүн башталышы жана күз мезгилинде кийүүнүн токтотулушу ушул Эреженин талаптарына ылайык, Муниципалдык инспекциянын жетекчиси тарабынан аныкталат.
11. Бардык баш кийимдер түз, кыйшаюусуз кийилет жана төмөнкү чети каштын үстүнөн бир-эки манжа аралыкта жайгашууга, ал эми кепканын калкасы каштын деңгээлинде тургандай кийилет. Кокарданын борбордук бөлүгү эки каштын так ортосунда болууга тийиш.
12. Баш кийимин төмөнкүдөй кийүүгө уруксат берилет:
1) кара түстөгү параддык фуражка - кара түстөгү параддык мундир, жазгы-күзгү күрмө менен кийилет;
2) күнүмдүк фуражка - китель жана күнүмдүк костюм, жазгы-күзгү күрмө, пуловер жана күнүмдүк көйнөк, аялдардын форма көйнөгү менен кийилет;
3) кепка (бейсболка) - күнүмдүк костюм, футболка, көйнөк жана жазгы-күзгү күрмө, ошондой эле пуловер жана аялдардын форма көйнөгү менен кийилет;
4) жылууланган кулакчындуу тумак - жылууланган күрмө жана костюм, ошондой эле пуловер менен кийилет.
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
13. Администрациялык имараттардын ичинде, транспорт каражаттарында форма кийимин баш кийимсиз кийүүгө уруксат берилет.
14. Күрмөнү жана пуловерди аба ырайынын шарттарына ылайык, топчулабастан кийүүгө уруксат берилет.
15. Күрмөнү, пуловерди жана жазгы-күзгү костюмду, мезгил аралык учурдан тышкары, жай жана кыш мезгилдеринде аба ырайынын тийиштүү шарттарында күнүмдүк кийим формасы менен кийүүгө уруксат берилет.
16. Жазгы-күзгү күрмөнү форма шымы менен костюмдан өзүнчө кийүүгө уруксат берилет.
17. Пуловерди бардык мезгилдерде, аба ырайынын шарттарына ылайык, күнүмдүк форма кийүүдө - китель менен күрмөнүн ордуна кийүүгө уруксат берилет. Пуловер менен узун жеңдүү көйнөк, галстук, же футболка кийүүгө уруксат берилет.
18. Күнүмдүк костюм күнүмдүк көйнөк жана кепка (бейсболка) менен кийилет.
19. Кызматтык кабинетте келүүчүлөр жок болгон учурда, күнүмдүк костюмдун комплекти болуп эсептелген футболка, шым же юбка кийип жүрүүгө уруксат берилет.
20. Салтанаттуу иш-чараларда ак түстөгү көйнөк кийилет.
21. Көйнөк (блузка) белгиленген үлгүдө жана түстө болууга тийиш.
22. Көйнөктү (блузканы) сырткы кийимден өзүнчө кийүүгө уруксат берилет:
1) күнүмдүк кыска-жеңдүү көйнөктү - жайкы күнүмдүк форма кийимин кийүүдө кепка (бейсболка), шым же юбка менен, галстуксуз кийүү;
2) күнүмдүк узун жеңдүү көйнөктү - күнүмдүк форма кийимин кийүүдө кепка (бейсболка), шым же юбка менен, галстук жана кыстырма менен кийүү.
23. Көйнөк таза, жарашыктуу чак келген жана үтүктөлгөн болууга, ошондой эле туура тандалган погондору менен болууга тийиш.
Өңү өчкөн жана бырышкан, погондорунун формасы бузулуп, булганган көйнөктү кийүүгө, ошондой эле көйнөктүн арткы жана алдыңкы жагындагы кыры чыккан бөлүктөрүн үтүктөөгө жол берилбейт.
24. Кара түстөгү футболка жай мезгилинде кийилет.
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
25. Жилеттер кийимдин негизги комплектинин үстүнөн кийилет.
26. Бут кийим: белгиленген үлгүдө, жакшы абалда жана ар дайым тазаланган болууга тийиш. Бийик кончтуу кара түстөгү ботинкалардын боосун тыкан байлап коюу зарыл.
Үстүнкү бөлүгү жараксыз болгон же такасы эскирген бут кийимдерди кийүүгө жол берилбейт.
27. Байпактар кочкул түстө болууга тийиш.
28. Күнүмдүк форма менен кийилүүчү галстук узун жеңдүү күнүмдүк көйнөк менен кийилет. Көйнөктү өз алдынча кийген учурда, галстук үстүнкү үчүнчү жана төртүнчү топчунун ортосуна кыстырма менен бекитилет.
Галстуктар ар дайым таза жана тыкан болууга тийиш. Өңү өчкөн жана тыкан эмес галстуктарды кийүүгө жол берилбейт.
29. Кара түстөгү мээлейлер кышкы күнүмдүк форма кийими менен кийилет, ошондой эле суук аба ырайында жайкы жана жазгы-күзгү форма кийими менен кийүүгө уруксат берилет. Жылуу аба ырайында кышкы форма кийими менен мээлей кийбей жүрүүгө уруксат берилет.
Саламдашуу учурунда мээлейлер чечилбейт.
30. Жаан-чачындуу аба ырайында форма кийиминин үстүнө атайын жаандан сактоочу күрмө кийилет.
31. Каптама жана тилик чөнтөктөрдүн клапандары сыртка чыгарылган абалда болот.
32. Форма кийиминин бүчүлөмөсү бардык илмектерге, баскычтарга жана топчуларга топчуланат, сыдырма - аягына чейин сыдырылат, же зарыл болгон учурда каптама төш чөнтөктөрдүн клапандарынын жогорку бөлүгүнүн деңгээлине чейин сыдырылат.
33. Чечилген баш кийим илгичке алкактын арткы бөлүгү менен тыкан илинет же текчеге, ылайыктуу эмеректин үстүнө коюлат, же болбосо сол колго горизонталдуу абалда кармалат.
34. Чечилген күрмө жана китель илгичке кылдаттык менен илинет же оң жагын сыртка каратуу менен тыкан бүктөлүп, сол колго кармалат.
35. Форма кийимин-кызматтык жайларда шкафтарда (бар болгон учурда) же гардеробдордо сактоого уруксат берилет.
36. Төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
1) белгиленген үлгүдөгү жана ушундай эле дизайндагы материалдардан даярдалган күнүмдүк классикалык бут кийим. Кызматтык кабинетте келүүчүлөр жок болгон учурда, кара түстөгү ыңгайлуу бут кийим кийүүгө жол берилет;
2) күнүмдүк классикалык типтеги мээлейлер, ошондой эле булгаарыдан жасалган окшош дизайндагы мээлейлер;
3) ушул Эреженин 2-пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлер үчүн күнүмдүк классикалык форма кийими.
37. Төмөнкүлөрдү кийүүгө тыюу салынат:
1) белгиленген үлгүлөргө жана түстөргө ылайык келбеген форма кийиминин предметтерин, жабдууларын жана айырмалоо белгилерин;
2) форма кийиминин жараксыз, булганган, өңү өчкөн, бырышкан, жакасы чоюлган предметтерин;
3) ачык түстүү сумкаларды;
4) Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери болуп эсептелбеген адамдар тарабынан форма кийиминин жана атайын кийимдин кийилиши.
38. Айырмалоочу белгилер:
Айырмалоочу белгилер болуп форма костюмунда жана форма көйнөгүндө жылдыздар туурасынан жайгаштырылган ийинге тагылма белгилер (погондор) саналат.
Ийинге тагылуучу погондор
Ийинге тагылуучу погондор кителге, күрмөгө, пальтого, пуловерге, көйнөккө кадалат.
Погон жумшагыраак келип, катарлаш кеткен узун жактары бар созулган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине катарлаш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см түзөт, муниципалдык кызматтын 1 класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченинен баштап муниципалдык кызматтын кенже инспектору класстык ченин камтылган наамдарга ээ болгон адамдар үчүн погондун туурасы - 5 см болууга тийиш. Погондун төмөнкү кырынан башка кырлары жашыл нооту менен кыюуланат. кыюунун туурасы - 2.5 мм.
Тигилүүчү погондор күрмөлөргө жана кителдерге тагылат. Чечилме погондор костюмга, күрмөгө, көйнөккө жана футболкага тагылат. Ак түстөгү көйнөктөргө тагылуучу погон ак түстө болот жана жашыл жарык чагылдыргыч тилке басылат.
Кыргыз Республикасында аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөөнүн тартиби жана шарттары "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
Муниципалдык кызматтын I, II жана III класстагы муниципалдык кеңешчисинин погондору
Өзгөчө токулуп даярдалат, жарык чагылдыргыч тилке тагылбастан, нооту менен капталат.
Муниципалдык кызматтын I класстагы муниципалдык кеңешчисинин погонунун талаачасына ар биринин диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпойгон 3 жылдызча бекитилет.
Муниципалдык кызматтын II класстагы муниципалдык кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпойгон 2 жылдызча бекитилет.
Муниципалдык кызматтын III класстагы муниципалдык кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпойгон 1 жылдызча бекитилет.
Муниципалдык кызматтын I, II жана III класстагы кеңешчисинин погондору.
Кара түстөгү волокадан даярдалат, нооту менен капталат. Погондун талаачасында жашыл түстөгү эки жарык чагылдыргыч тилке түшүрүлгөн. Муниципалдык кызматтын I класстагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон беш бурчтуу алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет.
Муниципалдык кызматтын II класстагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу 2 жылдызча бекитилет.
Муниципалдык кызматтын III класстагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу 1 жылдызча бекитилет.
Муниципалдык кызматтын кенже инспекторунун жана I, II жана III класстагы инспекторунун погондору.
Кара түстөгү волокадан даярдалат, нооту менен катталат. Погондун талаачасында кочкул-жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке түшүрүлөт.
Муниципалдык кызматтын I класстагы инспекторунун погонунун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет.
Муниципалдык кызматтын II класстагы инспекторунун погонунун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет.
Муниципалдык кызматтын III класстагы инспекторунун погонунун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет.
Муниципалдык кызматтын кенже инспекторунун погонунун талаачасына диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 1 жылдызча бекитилет.
Класстык чени жок кызматкерлердин погонунун талаачасында айырмалоочу белгилер жок болот.
Кызматкерлердин бардык категорияларынын форма кийимдеринин топчулары күмүш жана алтын түстө болот, анда Кыргыз Республикасынын гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн. Топчулардын диаметри 22 мм, 14 мм түзөт.
(Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 1 – ЧУА токтомунун редакциясына ылайык)
39. Форма кийими талаптагыдай абалда болууга тийиш, ал эми аны калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон учурда, алмаштыруу зарыл.
Мэрдин орун басары | Ж.С. Ырсалиев |