ПостановлениеДействует

Постановление Мэрии города Бишкек от 4 июля 2024 года № 104 «Об установлении тарифов на экспрессных маршрутах»

Редакцияот 04.07.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-июлу № 104

Экспресстик каттамдарда тарифтерди белгилөө жөнүндө

Жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу иштешин камсыздоо, борбор шаардын тургундарын жана меймандарын үзгүлтүксүз ташуу, жүргүнчүлөр транспорту чөйрөсүндөгү муниципалдык ишканалардын экономикалык абалын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна, Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 102 "Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктуна ылайык токтом кылам:

 

1. Бир жүргүнчүнүн жол кире наркы төмөнкүдөй бекитилсин:

- чакан жана өзгөчө чакан класстагы экспресстик муниципалдык автобустарда - 50 (элүү) сом;

- экспресстик муниципалдык автобустарда (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) накталай эмес формада жол кире төлөөдө - 40 (кырк) сом, накталай формада төлөөдө - 50 (элүү) сом;

- № 153 экспресстик муниципалдык каттамда (12-кичи району - "Манас" аэропорту) накталай эмес формада жол кире төлөөдө - 122 (бир жүз жыйырма эки) сом, накталай формада төлөөдө - 140 (бир жүз кырк) сом.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти белгиленген тартипте:

- экспресстик каттамдарды ишке киргизүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн;

- транспорт чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Мэр

 

А.Дж.Джунушалиев