ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 21 декабря 2023 года № 1734-VII «Об избрании депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Коргонбай уулу Жусупбека в состав Совета по делам правосудия Кыргызской Республики»

Редакцияот 21.12.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-декабры № 1734-VII

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбекти шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 351-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктта "Жакышов Русланбек Шергазиевич" деген сөздөр "Коргонбай уулу Жусупбек" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

 

Н.Шакиев