Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 19-июлу № 7
Шарк айыл аймагынын Ачы массивинин башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шарк айыл аймагынынын жер фондун рационалдуу пландоо максатында, жашоочулардан келип түшкөн, жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүдө көптөгөн кайрылууларын эске алып, Ачы массивиндеги ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде берилген жер тилкелеринен сырткаркы, турак жай курууга мүмкүн болгон жер аянттарын башкы планды өзгөртүү менен башкы планга киргизүү үчүн жана Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан берилген маалыматынын негизинде Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдын 18-декабрындагы №576 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7; 13, 25 беренелерин жетекчиликке алып, Шарк айылдык Кенеши
Токтом кылат:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кадастр” мекемесинин Кара-Суу райондук филиалынан төмөнкү жерлер суралсын:
- Шарк айылындагы №376 контурдагы Ак Дөбө каналынын жанында жайгашкан айыл чарба багытында эмес 0,15 га жер анты;
- Маданият айылындагы №34 контурдагы Эски кампа айыл чарба багытында эмес 0,20 га жер аянты;
- Шарк айылдык Кеңешинен Ачы массивиндеги №121-11 сандуу башкы пландын негизинде турак жайга деп берилген жер аянтарынан сырткаркы жерлерден турак жай курууга ынгайлуу болгон жер аянттарын Шарк айыл аймагынын жарандарына Ачы массивинен 0,06 га жер аянтына токтомдору даярдалып жер жетпей колдорунда жургөн токтомдорун жерге жайгаштыруу максатында башкы планга өзгөртүү киргизилип, бекитилсин.
2. Тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор эске алынып, Шарк айылдык аймагынын Ачы массивиндеги жер тилкелеринин башкы планын даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына (У.Батыров) милдеттирилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы | С. Абзалов |