ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 31 июля 2024 года № 444 «О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики»Об утверждении Плана мероприятий Кабинета Министров Кыргызской Республики по реализации Национальной программы развития Кыргызской Республики до 2026 года«от 25 декабря 2021 года № 352»

Редакцияот 31.07.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 31-июлу № 444

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында:

- 390, 401-пункттарда "АЧМ" деген аббревиатура "ӨКМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

- 395-400-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

395

Токой отургузууга волонтерлорду, студенттерди жана мектеп окуучуларын, жергиликтүү калкты ж.б. тартуу менен токойдун аймагын көбөйтүү

Отургузуу материалын өндүрүү көлөмүн көбөйтүү

Жыгач жана бадал породасындагы отургузуу материалдарынын көлөмү көбөйтүлдү:

- 8 млн. түпкө чейин;

- 9 млн. түпкө чейин;

- 15 млн. түпкө чейин

ӨКМ

IV кв. 2022

IV кв. 2023

IV кв. 2026

Республикалык бюджеттин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында

396

Республиканын аймагында токойду массалык түрдө отургузуу жана себүү

6 млн. түп бак-дарак отургузуу жана себүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде:

- 4 млн. түп отургузулду;

- 2 млн. түп себилди

ӨКМ, САЧ КӨМ, ЖРЭТ КМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

IV кв. 2022

Республикалык бюджеттин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында

397

7 млн. түп бак-дарак отургузуу жана себүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде:

- 4,5 млн. түп отургузулду;

- 2,5 млн. түп себилди

IV кв. 2023

398

8 млн. түп бак-дарак отургузуу жана себүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде:

- 5 млн. түп отургузулду;

- 3 млн. түп себилди

IV кв. 2024

399

8,5 млн. түп бак-дарак отургузуу жана себүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде:

- 5,5 млн. түп отургузулду;

- 3 млн. түп себилди

IV кв. 2025

400

9 млн. түп бак-дарак отургузуу жана себүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде:

- 6 млн. түп отургузулду;

- 3 млн. түп себилди

IV кв. 2026

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров