ЗаконДействует

Закон КР от 24 июля 2024 года № 146 «О ратификации Соглашения о финансировании менаду Кыргызской Республикой и Международной ассоциацией развития (проект «Качество и инновации в высшем образовании»), подписанного 6 марта 2024 года в городе Бишкек»

Редакцияот 24.07.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2024-жылдын 24-июлу № 146

 

2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" долбоору) ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ("Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" долбоору) ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 26-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган