Редакцияот 05.10.2023
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIX–сессиясынын (жетинчи чакырылышы)

 

2023–жылдын 5-октябры № 19/1

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө

 

      Биринчи Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Катта-Талдык айыл аймагында жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн(1-тиркеме)

2. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү курултайды өткөрүү боюнча жумушчу тобунун иш планы бекитилсин.(2-тиркеме)

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук, тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо жана регламент, депутаттык этика, мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага :                                                                                 К. Абдраев

 

 

 

Катта-Талдык айылдык кеңешинин     (жетинчи чакырылышынын)  2023-жылдын                     5-октябрындагы кезектеги  XIX сессиясынын №19/1 токтомуна   1-тиркеме

 

 

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу:

 

1.     Абдраев Канат Жанибекович –  кеңештин төрагасы, уюштуруу тобунун төрагасы;

2.     Чийирова Айжамал Осмоновна – кеңештин катчысы, уюштуруу тобунун катчысы

 

 Уюштуруу тобунун мүчөлөрү:

 

1.     Бакиров Айбек  –(Жаны-Турмуш) жерг.кен.депутаты

2.     Муратов Айбек –Садырбай) жерг.кен.депутаты

3.     Жалиева Айгул  –(Эшме) жерг.кен.депутаты

4.     Ураимов Бектур –(Кызыл-Ордо) жерг.кен.депутаттары

5.     Султанбаева Роза –(Талдык,Кичик) жерг.кен.депутаттары

6.     Омонов Алтынбек – (Ачы) жерг.кен.депутаты

7.     Жолчу уулу Канибек – (Торгой-Булак) жерг.кен.депутаты

8.     Мурзабаева Гулнара – (Кара-Сөгөт) жерг.кен.депутаты

9.     Абсаламов К – (Баш-Булак) жерг.кен.депутаттары

 

 

Катта-Талдык айылдык кеңешинин төрагасы:                                 К.Ж.Абдраев

 

 

 

Катта-Талдык айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

2023-жылдын 5-октябрындагы кезектеги XIX сессиясынын          №19/1 токтомуна  2-тиркеме

 

 

 

№

 

 

Аткарылуучу иш чаранын мазмуну

 

Өткөрүү убактысы

Уюштуруучулар

1.      

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларын түзүү

2023-жылдын

5-октябрына чейин

Айылдык кеңеш, айыл өкмөтү

2.      

Иштөө тартиби боюнча жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутууларды өткөрүү

Комиссиялар түзүлгөн учурдан тартып

2023-жылдын

15-октябрына чейин

Уюштуруу комитети

3.      

Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын/чогулуштарын өткөрүү

2022-жылдын

16-26-октябрда

Айылдык кеңеш, айыл өкмөтү

4.      

Жергиликтүү кеңешке жергиликтүү курултайлардын делегаттарын жыйындардын, чогулуштардын протоколдору жана делегаттардын анкеталары менен берүү

2023-жылдын

6-ноябрына чейин

Уюштуруу комитети

5.      

Өкүлчүлүктүү жыйынды  өткөрүү

2023-жылдын     18-ноябры (ишемби)

Айылдык кеңеш, уюштуруу комитети