ПостановлениеДействует

Постановление Кара-Балтинского городского от 13 сентября 2024 года № 35 «О создании комиссии по жилищным вопросам»

Редакцияот 13.09.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 13-сентябры № 35

Турак-жай маселелери боюнча комиссияны түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинин 12-беренесине ылайык, жарандардын укуктарын коргоо максатында Кара-Балта шаарынын мэриясынын 05.05.14 -жылдагы № 01.1-6/59 катынын негизинде 20241-жыл, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы.

           ТОКТОМ КЫЛАТ;

1.Турак-жай маселелери боюнча төмөнкү курамы бекитилсин;

- комиссиянын төрагасы;

-Кара-Балта шаарынын вице мэри

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты:

-Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу маданият спорт жана  муниципалдык менчик башкармалыгынын  башчысынын орун басары;

- Кара-Балта шаарынын мэриясынын башкы адис юристи;

-Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу маданият спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адис юристи;

-Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу маданият спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын материалдык эсепчиси;

Комиссиянын катчысы:

- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу маданият спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси турак жай ээлеринин шериктиги (ТЖМ)

2. Кара-Балта шаардык кеңешинин 04.04.2018-жылдагы № 4 2 “Турак жай меселиси боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Руспубликасы Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына,жөнөтүлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу боюнча.Реглмаент,депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына,ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри -М.Р. Джекшеновго жүктөлсүн.

Жөнөтүлсүн:ишке Кара-Балта шаарынын мэриясына, МСММБ,Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгы

 

Төрага                                                                                           М.Дуйшеналиев