ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2024 года № 690 «О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О подготовке и проведении сельскохозяйственной переписи в Кыргызской Республике в 2025 году» от 19 марта 2024 года № 122»

Редакцияот 15.11.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 15-ноябры № 690

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 "2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү жөнүндө толук, объективдүү жана так маалыматтарды алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 "2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктта "1-ноябрынан 20-ноябрына" деген сөздөр "18-ноябрынан 7-декабрына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров