Постановление Жогорку Кенеша КР от 20 ноября 2024 года № 2544-VII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Обменных нот между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Японии по проекту «Совершенствование средств управления воздушным движением в международных аэропортах» и Грантового соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Японским агентством международного сотрудничества (JICA) по проекту «Совершенствование средств управления воздушным движением в международных аэропортах», подписанных 1 августа 2024 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 20-ноябры № 2544-VII
«2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 31-октябрындагы чыг. № 18-9924) «2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Н.Т. Шакиев |