ЗаконДействует

Закон КР от 10 декабря 2024 года № 200 «О ратификации Обменных нот между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Японии по проекту «Совершенствование средств управления воздушным движением в международных аэропортах» и Грантового соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Японским агентством международного сотрудничества (JICA) по проекту «Совершенствование средств управления воздушным движением в международных аэропортах», подписанных 1 августа 2024 года в городе Бишкек»

Редакцияот 10.12.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 10-декабры № 200

2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө япон тарапка кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 20-ноябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган