УказДействует

Указ Президента КР от 19 декабря 2024 года УП № 380 «О внесении изменения в Указ Президента Кыргызской Республики»О Государственной целевой программе «Развитие системы правосудия Кыргызской Республики на 2023-2026 годы» от 3 марта 2023 года № 47"

Редакцияот 19.12.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2024-жылдын 19-декабры ПЖ № 380

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 "2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Соттордун ишин оптималдаштыруу, сот жүктөмүн азайтуу жана буйрук өндүрүш иштерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана нотариустардын компетенциясына өткөрүп берүү жолу менен адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкаркы жана сотко чейинки методдорун, формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 "2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

- 4.21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

4.21

Судьялардын жүктөмүн азайтуу

Укук жөнүндө талаш-тартыш жок болгон иштерди Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, нотариустарына өткөрүп берүү каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу

2025-ж. I кв.

ЖК киргизилди

ЖС, ЮМ

".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

С. Н. Жапаров