ЗаконДействует

Закон КР от 15 января 2025 года № 9» О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2025 год и плановый период 2026-2027 годов»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 15-январы № 9

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө

 

1-берене.

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду) 2025-жылга бюджети кирешелер боюнча 120 536 701,6 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 120 470 092,1 миң сом суммасында бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин профицити 66 609,5 миң сом суммасында белгиленсин.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-2027-жылдарга бюджетинин пландык мезгили 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

4-берене.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттар 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.

5-берене.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2025-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө боюнча чыгашаларды эске алуу менен 43 704 826,2 миң сом суммасында белгиленсин.

6-берене.

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2025-жылга каржылоо 5 418 568,8 миң сом суммасында белгиленсин.

2. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 2025-жылга каржылоо 670 656,4 миң сом суммасында белгиленсин.

7-берене.

Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун 2025-жылга бюджети 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

8-берене.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 2025-жылдын 1-январына карата 896 419,4 миң сомдон кем эмес суммада белгиленсин.

9-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-январындагы № 3 (3659) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасыны

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

2024-жылдын 18-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган