ПереченьДействует

Перечень слов, терминов религиозного характера и их определений, использование которых в фирменном наименовании юридического лица не допускается (Утвержден постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 января 2025 года № 17)

Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 16-январындагы № 17

токтому менен бекитилди)

 

Юридикалык жактын фирмалык аталышында колдонууга

жол берилбеген динин мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин жана

алардын аныктамаларынын тизмеги

 

Абу Ханифа

-

ханафий мазхабынын негиздөөчүсү, ислам дин аалымы

Авеста

-

зороастрийлердин ыйык китеби

Адвентисттер

-

Иса пайгамбардын акыр заманда келүүсун күткөн, Адвентизм диний кыймылын улантуучулар

Ади Грантх

-

сикхизмдеги ыйык китеп

Азраил

-

жан алуучу периште

Арз мавуд

-

иудаизмде ыроолонгон жер

Армагеддон

-

акыр заманда боло турган улуу согуш

Ахит

-

христиан дининдеги Библиянын биринчи бөлүгү

Ахриман

-

зороастризмдеги жаман рухтар кудайы

Ахура Мазда

-

зороастризмдеги жогорку кудай

Ашура

-

исламдагы Мухаррам айынын онунчу күнү

Биат

-

убадага бекем болуу, кол алышуу менен бекемделет

Библия

-

христиан дининдеги ыйык жазуу

Брахман

-

индуизмдеги ааламдын жаратуучусу

Будда

-

буддизмдин негиздөөчүсү

Важиб

-

исламдагы милдеттүү аткарыла турган өкүмдөрдүн бири

Валаят

-

ыйыктыктын руханий макамы

Вафтиз

-

сууга чөмүлдүрүү аркылуу христиан динин кабыл алуу жөрөлгөсү

Вакф

-

мусулман укугунда мамлекет же жеке адам тарабынан диний же кайрымдуулук максатында берилгең мүлк

Гатха

-

Заратуштра тарабынан жазылган китеп

Гинза

-

сабейлердин ыйык китеби

Гуру

-

сикхизмдеги руханий лидерлер

Дахма

-

зороастризмдеги өлүктү таштай турган жер

Дианетика

-

саентологияда жан менен дененин аң-сезим аркылуу өз ара аракеттенүүсү жөнүндө китеп

Диофизит

-

Исанын инсандык жана кудайлык кош табиятына ишенүү

Евхаристия

-

христиан динине тиешелүүлүктүн сырдуулугу

Жебреил

-

- пайгамбарларга аянды жеткирген периште

Иоанн

-

Христостун апостолдорунун бири

Жахаба

-

Жахаба күбөлөрүнүн кудайынын ысымы

Жихад

-

исламда ишеним үчүн салгылашуу

Забур

-

Дауд пайгамбарга түшүрүлгөн ыйык китеп

Зухд

-

Аллах үчүн кечилдик жашоо кечирүү

Икона

(сыйынуу

предмети)

-

христиан дининде кудайдын, ыйыктын же ыйыктардын боёк менен тартылган картина түрүндөгү ыйык сүрөтү

Евангелие (Инжил)

-

Исага түшүрүлгөн ыйык китеп

Инкарнация

-

христиан дининде рухтун, жандын материалдык денеге айлануусу

Инфак

-

исламдагы кайрымдуулук кылуу

Ирфан

-

мистикалык тажрыйба аркылуу руханий илим алуу

Исрафил

-

кыямат күндө сурнай тартуучу периште

Ихлас

-

Аллахка чын пейилден ибадат кылуу

Ихсан

-

кудай көрүп жаткандай ибадат кылуу

Йом Кипур

-

еврейлердин Күнөөдөн арылуу күнү

Карма

-

чыгыш диндеринде жасаган жоруктар үчүн кайрым

Католицизм

-

христиан дининдеги үч башкы багыттын бири

Кипа

-

еврейлердин баш кийими

Собор

(Консил)

-

христиан диний ишмерлеринин чогулушу

Кошер

-

иудаизмде уруксат берилген предметтер жана тамак-аш

Крещение

(Чокундуруу)

-

суу аркылуу христиан динин кабыл алуу жөрөлтөсү

Кришна

-

индуизмдеги куткаруучу кудай

Макрух

-

исламдагы кылынуусу жактырылбаган амалдар

Мессия (Масих)

-

динге ишенгендердин куткаруучусу

Матуриди (Абу

Мансур аль-

Матуриди)

-

матуридий мектебинин негиздөөчүсү

Махр

-

никелешүү учурунда эркек аялына бере турган белек

Махрам

-

исламда никелешүүгө уруксат берилбеген жакын тууган

Микаил

-

табият кубулуштарын башкарган периште

Миллепиум

-

христиан дининде акыр заманга чейинки миң жылдык бактылуу жашоо

Миссионер

-

динди жайылтуучу адам

Монах

-

диний коомдун кечилдик жашоо кечирүүгө убада берген мүчөсү

Мубарак

-

берекелүү, куттуу

Мунзавий

-

обочо жашаган адам

Мунит

-

Муна сектасынын мүчөсү

Муслим

-

ислам динин тутунган адам

Мута

-

шииттерде убактылуу никелешүү

Мухажир

-

Меккеден Мединага ислам үчүн көчүп баргандар

Мухтади

-

туура жолду тапкан адам

Нанак (Гуру

Нанак)

-

сикхизм дининин негиздөөчүсү

Нафил (Напил)

-

исламдагы ыктыярдуу амалдар

Нирвана

-

чыгыш диндеринде жогорку абал

Опус Деи

-

католик диний кыймылы

Ортодокс

-

христиан дининин ири багыттарынын бири

Павел (Пабыл)

-

Христостун апостолдорунун бири

Пасха

-

Христостун кайрадан тирилүүсүн эскерүү майрамы

Патриарх

(Патрик)

-

чиркөөнүн диний лидери

Поп

-

христиан дин ишмери

Протестантизм

-

XVI кылымда келип чыккан христиан багыты

Рейки

-

руханий энергияга байланышкан диний агым

Рош ха-Шана

-

еврейлердин Жаңы жылы

Сабий

-

Гинза китебине таянган динди улантуучулар

Саентология

-

Рон Хаббард негиздеген диний окуу

Сажда

-

исламда ибадат кылуу учурунда чекени жерге тийгизүү

Сакофат

-

араб тилинен которгондо маданият дегенди түшүндүргөн термин

Сакрамент

-

христиан дининдеги негизги жөрөлгөлөр

Самсара

-

чыгыш диндеринде кайра жаралуу цикли

Саошьянт

-

зороастризмде кыяматка жакын келе турчу куткаруучу

Сатья Саи Баба

-

Саи Баба диний кыймылынын негиздөөчүсү

Силсила

-

рухий билимди улантуучу мураскорлук

Синагога

-

иудейлердин сыйынуу жайы

Саввов (Сооп)

-

кудай тарабынан жакшы иштер үчүн ыйгарылуучу сыйлыктар

Суккот

-

иудейлердин шалаш майрамы

Тавассуль

-

кудайга ортомчу аркылуу кайрылуу

Тагут

-

жалган кудайлар жана сыйынуу объекттери

Тазкия

-

жан дүйнөнү кемчиликтерден арылтуу

Таяммум

-

суу жок болгон учурда топурак менен даарат алуу

Такыйя

-

өзүн сактап калуу үчүн ишенимди жашыруу

Талит

-

иудаизмде сыйынуу учурунда жамынган кийим

Талмуд

-

иудаизмдин диний мыйзамдарын жөнгө салуучу ыйык текст

Танасух

-

өлгөндөн кийин жандын башка денете өтүүсү

Танах

-

иудаизмдеги ыйык жазуу

Дао (Тао)

-

Ааламдагы нерселердин табигый тартиби

Үчилтик (Таслис)

-

Үчилтик кудай: Ата, Уул жана Ыйык рух жөнүндө окуу

Таухид

-

жалгыз Кудайга болгон ишеним

Тафаккур

-

- ой жүгүртүү, талдоо жана талкуу

Тафсир

-

- Куранды чечмелөөгө багытталган илим

Тфилин

-

- сыйынууда колдонулуучу, Тоораттан алынган тексттер жазылган кичинекей кутучалар, сыйынуу учурундагы кийимдин элементи болуп саналат

Тора (Тоорат)

-

- Муса пайгамбарга берилген ыйык жазуу

Тотем

-

- ыйык маани ыйгарылган объекттер же заттар

Трипитака

-

- буддизмдин үч бөлүктөн турган ыйык жазуу

Увей

-

- даосизмде кечилдик жашоо кечирүү

Унанайана

-

- индуизмге кабыл алуу жөрөлгөсү

Апостолдор

(Хаварий)

-

Иса пайгамбардын алгачкы шакирттери

Хаж

-

- Зуль-хижа айында Меккеге зыярат кылуу

Хадис

-

- Мухаммед пайгамбардын насааттары

Халиф

-

- ислам коомчулугун башкарууда пайгамбардын мураскору

Халифат

-

- исламдык мамлекет

Хахам

-

- иудаизмдеги диний лидер

Химар

-

- исламда аялдар үчүн башьша салынуучу жоолук

Христос

-

- христиан дининдеги куткаруучу

Церковь (Чиркөө)

-

- христиандардын сыйынуучу жайы