ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 30 декабря 2024 года № 811 «О неотложных мерах по строительству объектов социально-экономического назначения, а также объектов жилищного фонда»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 30-декабры № 811

Социалдык-экономикалык багыттагы объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө

Социалдык багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу чөйрөсүндөгү милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы төмөнкүлөрдү долбоорлоо жана куруу боюнча башкы подрядчы болуп аныкталсын:

1) борбордук футбол стадионун;

2) турак жай кварталдары менен соода комплексин (жаңы Ош базарын);

3) автобекет комплексин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн комплекстердин жана борбордук футбол стадионунун курулушун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан берилген долбоордук-сметалык документтерге ылайык белгиленген тартипте акча каражатын издеп тапсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:

1) долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууну колдонуу менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди куруу боюнча иштерди сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылсын;

2) курулуш аяктагандан кийин ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди жергиликтүү кеңештин макулдугу менен белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык менчикке өткөрүп берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:

1) техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин жана башка ченемдик документтердин белгиленген талаптарынын сакталышына көзөмөл жана контроль жүргүзсүн;

2) долбоорлоого жана курууга архитектуралык-шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерди алууда, курулушу бүткөн объектти экспертизадан өткөрүүдө жана пайдаланууга кабыл алууда көмөк көрсөтсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657)  жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев