ПостановлениеДействует

Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 28 октября 2024 года № 175 «О внесении изменений в постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики»Об утверждении Положения «О порядке организации и проведения дистанционного голосования, установления итогов дистанционного голосования на выборах депутатов местных кенешей» от 23 сентября 2024 года № 136"

Редакцияот 28.10.2024
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 28-октябры № 175

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-1-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө" жобо төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын:

"8-1. Шайлоочу, жеке/биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациядан өтүү менен шайлоочунун катталган жери боюнча участкалык шайлоо комиссиясына, АДБ ШУ түзүлгөн жери боюнча тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына же шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу пункттарына аралыктык формада добуш берүүгө ниеттенгендиги жөнүндө кагаз түрүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

Аралыктан добуш берүүгө катышуу жөнүндө кагаз түрүндө арыздын формасы ушул жободо 2-тиркемеге тиркелет.".

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

"2-тиркеме

 

АРАЛЫКТАН ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КАТЫШУУ ЖӨНҮНДӨ АРЫЗ

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо

Мен, ____________________________________________________________________________________________

__________, ________________________________________________________________________ дареги боюнча

АД УШК № __________ аралыктан добуш берүүгө катышуучулардын тизмесине киргизүүнү өтүнөм.

АРЫЗДА КӨРСӨТҮЛГӨН МЕНИН МААЛЫМАТТАРЫМДЫ АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ИШТЕП ЧЫГУУГА, БЕРҮҮГӨ ЖАНА САКТООГО МАКУЛМУН.

ЖИН: ______________________________________ Телефон: ____________________________________________

Электрондук почтасынын дареги: ____________________________________________________________________

Датасы: ___________________                                                                                  Убактысы: ____________________

_______________________________________________

Шайлоочунун кол тамгасы

 

Биометрикалык/жеке идентификациялоодон өткөндүгүн тастыктайм:

(Керектүүнү белгилөө зарыл)

 

____________________________________________________

П.М.

______________________

Арызды кабыл алган УШК мүчөсүнүн, оператордун, волонтердун, КТБ кызматкеринин аты-жөнү (Керектүүнү белгилөө зарыл)

 

кол тамгасы

 

Телефон: ________________________

Арыздарын кабыл алуу пунктунун дареги _____________________________________________________________

 

Урматтуу шайлоочу!

Арызды берген датадан тартып 7 (жети) күндөн кечиктирбестен Сизге арызды иштеп чыгуунун статусу жөнүндө шайлоо комиссиясынын жообу жиберилет. Сиз Тизме мамлекеттик порталын (tizme.gov.kg) көрүү же 1255 же 119 номерине чалуу менен шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн тууралыгын текшере аласыз.".