УказДействует

Указ Президента КР от 27 января 2025 года УП № 19 «О прекращении полномочий судьи местного суда Кыргызской Республики»

Редакцияот 27.01.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 27-январы ПЖ № 19

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Арзиев Ачылбек Муракимовичтин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2024-жылдын 31-декабрынан тартып токтотулду деп эсептелсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров