ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КРот 29 января 2025 года № 2742-VII «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О присвоении географического названия «Бакай-Ата» самой высокой безымянной вершине высотой 4457 метров горного хребта, расположенного на юго-западной стороне села Кара-Сай айылного аймака Аманбаев Айтматовского района Таласской области Кыргызской Республики»

Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 29-январы № 2742-VII

 

«Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна «Бакай-Ата» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 20-ноябрындагы чыг. № 19-10462) «Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна «Бакай-Ата» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

          Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев