Постановление Жогорку Кенеша КР от 29 января 2025 года № 2746-VII «Об образовании согласительной группы для выработки согласованного варианта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики», возвращенного с возражениями Президента Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-январы № 2746-VII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен
кайтарылган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн
макулдашуу тобун түзүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
1) Ч.И. Ажибаев – Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
2) Н.О. Сыдыгалиев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
3) А.К. Бакетаев – Кыргыз Республикасынын финансы министри, макулдашуу тобунун тең төрагасы.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.А. Азыгалиев |