ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 20 февраля 2025 года № 83 «О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики»О введении временного внешнего управления в закрытом акционерном обществе «Кум-Шагыл» от 29 февраля 2024 года № 89"

Редакцияот 20.02.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 20-февралы № 83

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 29-февралындагы № 89 "Кум-Шагыл"

жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну

киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздук чөйрөсүндөгү талаптарды бузууларды четтетүү максатында, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 651-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 "Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктта "2024-жылдын 29-ноябрынан тартып 2025-жылдын 28-февралына чейинки" деген сөздөр "2025-жылдын 28-февралынан тартып 2025-жылдын 28-майына чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:

1) белгиленген тартипте убактылуу сырткы башкаруучуга талапкерди көрсөтсүн;

2) "Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкаруу киргизилгендиги жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарласын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул тактом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 28-февралынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 14 (3670) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев