ЗаконДействует

Закон КР от 27 февраля 2025 года № 47 «О ратификации Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Королевства Таиланд о безвизовом режиме для владельцев дипломатических и служебных/официальных паспортов, подписанного 27 сентября 2024 года в городе Нью-Йорке»

Редакцияот 27.02.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 27-февралы № 47

2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө тай тарапка кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 04-мартындагы № 16 (3672) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н.Жапаров

 

 

 

 

2025-жылдын 30-январында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган