ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 28 февраля 2025 года № 99 «О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О проведении пилотного проекта по предоставлению загранучреждениями Кыргызской Республики государственных (консульских) услуг посредством сервисных центров, расположенных за рубежом» от 16 февраля 2024 года № 62»

Редакцияот 28.02.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 28-февралы № 99

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 62 “Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартуу жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарына мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдүн механизмдерин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 62 “Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттун экинчи абзацында “2025” деген цифралар “2026” деген цифраларга алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жободо:

– төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:

“121. 16 жашка толо элек курактагы, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адамда ИЖН жок болгон учурда, ушул Убактылуу жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери ИЖН ыйгарууга документтерди кабыл алууну жүзөгө ашырат жана консулдук кызмат адамына кароого жана чечим кабыл алууга жиберет.

ИЖН ыйгарууга документтерди кабыл алуу АМС аркылуу ишке ашырылат.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2025-жылдын 28-февралында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы   

 

 

 А.А. Касымалиев