ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кеңеша КР от 12 марта 2025 года № 2893-VII «О досрочном освобождении от занимаемой должности члена Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики Гайпкулова Искандера Торобаевича»

Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 12-мартындагы № 2893-VII

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гайпкулов Искандер Торобаевичти ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин  3-бөлүгүнүн 6-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гайпкулов Искандер Торобаевичтин өз каалоосу боюнча кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы эске алынсын.

 

2. Өз каалоосу боюнча жазуу жүзүндөгү арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гайпкулов Искандер Торобаевич ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Н. Тургунбек уулу