Положение о порядке обеспечения населения Кыргызской Республики протезно-ортопедическими изделиями, техническими вспомогательными средствами и иными специализированными средствами (к приказу Министерства труда, социального обеспечения и миграции КР от 7 апреля 2025 года № 76
|
|
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 7 апрелиндеги № 76 буйругуна тиркеме)
|
Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор.
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары-РПОБМ) тарабынан калкты протездик - ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартибин аныктайт.
1.2. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ) тарабынан акысыз жана акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
Акысыз негизде протездик-ортопедиялык буюмдар "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка мыйзамдар менен кепилденген акысыз протездик-ортопедиялык тейлөөгө укугу бар адамдарга ушул Жободо белгиленген тартипте берилет.
Майыптуулук тобу жок адамдарга протездик-ортопедиялык буюмдар дарыгердин жолдомосу боюнча акы төлөм негизде (толук өздүк баасы менен) даярдалып берилет.
Чет мамлекеттердин жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү акы төлөө негизде жүргүзүлөт (толук өздүк баасы менен).
1.3. Бул Жободо төмөнкүдөй атоолор жана аныктамалар колдонулат:
тутор-бутту-колду керектүү абалда кармоого арналган шайман;
реклинатор- келбетти түздөгүч (кыр арка үчүн);
супинатор- тамандын ич жагын кармоо үчүн арналган ортопедиялык батек;
пронатор- бут кийимге салынуучу, тамандын ар кандай деформациясында колдонулуучу атайын батек;
Цито шинасы - 4 айга чейинки курактагы балдарда жамбаш менен кашка жилик ашташкан муундагы тубаса мертинүүнү дарылоочу шайман;
Виленский шинасы - баскычтуу винти бар атайын жылдыруучу кергич;
бандаж - чуркуда ич булчуңун тартып туруу үчүн атайын курчам;
бандаждык бекемдөө - протездерди бекемдөө методу катары корсет;
сүт безинин протези - бул дененин анатомиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жасалган сырткы каптама, ал мурда болгон сүт безинин аймагына бекитилет жана балансты калыбына келтирүү жана омурткадагы жүктү нормалдаштыруу үчүн сүт безин алып салуудан сырткы кемчиликтерди жашыруу үчүн шайман.
2. Протездик-ортопедиялык буюмдардын түрлөрү.
2.1. Адистештирилген протездик-ортопедиялык буюмдар (мындан ары – ПОБ):
- колдун протездери;
-буттун протездери (негизги жана дарылануу-машыгуучу);
- колдордун жана буттардын ортездери (ортопедиялык аппараттар жана туторлор);
- лангеттер;
- кошумча бут кийим;
- ортопедиялык бут кийимдер жана батектер.
- сүт безинин протези;
2.2. Көмөкчү ПОБдор:
- ортопедиялык батектер;
- омуртка ортездери (корсет, реклинатор),
- бандаждык буюмдар (бөйрөк, операциядан кийинки ж. б.);
- Цито шинасы;
- Виленский шинасы;
- Жумабековдун аспапы;
- тамандуу тери шымдар;
- мултуктун жүн жана трикотаж жабуулары;
- "Жай кадам"аппараты;
- суспензорлор;
- Глиссондун илмеги;
- алынуучу корсет;
- жабуулар (мултуктун жумшартуучу жүн жана трикотаж жабуулары);
2.3. Техникалык шаймандар:
- чакан өлчөмдүү платформа (коляска);
- тиричилик шаймандары (балдак, таяк);
- учтар (балдактарга жана таяктарга).
3. Ортопедиялык бут кийимдердин түрлөрү.
3.1. Татаал жана аз татаалдыктагы ортопедиялык бут кийимдердин түрлөрү (ботинкалар, кончу кыска ботинкалар жана ортопедиялык аппараттарга бут кийим) кебез кездеме ичтелген хромдон жасалат.
3.2. Татаал ортопедиялык бут кийимдерге төмөнкүлөр кирет:
- чоң кишилер үчүн бут 3 см жана андан көп кыска болгондогу ортопедиялык бут кийим;
- балдар үчүн бут 1 см жана андан көп кыска болгондогу ортопедиялык бут кийим;
- Шопар боюнча таманды кесип салуудагы ортопедиялык бут кийим;
- сөөк кургак учугу жана полиомиелит менен ооруган жарандар үчүн кеп боюнча жасалган бут кийим.
Тиешелүү көрсөтүүлөр болгон учурда ортопедиялык бут кийим катуу корсет менен жасалат.
3.3. Аз татаалдыктагы ортопедиялык бут кийимдерге төмөнкүлөр кирет:
- чоң кишилер үчүн бут 3 сантиметрден кыска болгондогу ортопедиялык бут кийим;
- ортопедиялык аппараттар үчүн ортопедиялык бут кийим;
- протездер үчүн бут кийим.
4. Майыптыгы бар адамдардын ПОБго муктаждыгын аныктоо үчүн медициналык көрсөткүчтөр жана каршы көрсөтмөлөр.
4.1. Майыптыгы бар адамдарды техникалык каражаттар менен камсыз кылуу үчүн медициналык көрсөткүчтөр:
- колдордун жана буттардын ампутациясы;
- буттун 3 смден жогору кыскарышы.;
- полиомиелиттин калдык көрүнүшү;
- Пертес оорусу;
- Орточо оордуктагы ДЦП;
- жамбаштын патологиялык дислокациясы;
- эндопротезден кийинки абал;
- тизе жана таман муундарынын айкын деформациясы;
- буттун сөөк остеомиелити;
- буттардын парези менен коштолгон Омуртканын грыжасы;
- буттун парези;
- ревматоиддик полиартрит;
- “Диабеттик бут” синдрому жана диабетикалык “Шарко” остеоартропатиясы менен ооруган бейтаптар.
4.2. Протездөөгө медициналык каршы көрсөтмөлөр:
- сакталган мүчөнүн дүмүрүнүн ишемиясы;
- 30 градустан жогору жамбаш муунунун бүгүлүү контрактурасы;
- дүмүрдүн кемтиги;
- гемипарез инсульту;
- кургак учуктун ачык формасы;
- психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган майыптыгы бар адамдар (психиканын органикалык өзгөрүүлөрү);
- жүрөк жана аорта аневризмасы;
- өпкө-жүрөк жетишсиздиги иш жана медициналык даражасы;
- жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн катуу бузулушу;
- гипертониялык оору менен ооругандык;
- позанын олуттуу өзгөрүүлөрү (кифоз);
- кант диабетинин оор түрү;
- семиздик жана семиздик даражалары;
- кыймылдын координациясынын бузулушу;
- прогрессивдүү бөйрөк жетишсиздиги;
- фантомдук туруктуу оорулар;
- кол манжаларынын кармоо функциясынын жоктугу (таянычтарды кармоо үчүн).
4.3. Салыштырмалуу каршы көрсөтмөлөр: - медициналык реабилитациялык иш-чараларды жана/же реконструктивдүү хирургиялык кийлигишүүлөрдү талап кылган мултуктун терисинин жана ага жакын сегменттин бүтүндүгүнүн бузулушу;
- табандар үчүн буттун жана/же буттун дүмүрүнүн кеңири трофикалык жарасы;
- жумшак ткандардагы жалпы ириң процесстери;
- жарага жакын ткандардын кеңири тырык өзгөрүшүнөн улам буттун колдоо жөндөмдүүлүгүнүн жоктугу;
- ортопедиялык буюмдардын материалдарына аллергиялык реакциялар.
5. Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого тапшырыктарды тариздөө жана аларды берүү тартиби.
5.1. Заказдарды тариздөө, протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо, ченөө жана берүү төмөнкү жерлерде жүргүзүлөт:
- Бишкек шаарында – РПОБМ;
- Ош шаарында-РПОБМдун филиалында;
- РПОБМдин көчмө бригадасын кабыл алуу жерлеринде.
5.2. Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо келип түшкөн заказдардын негизинде ишке ашырылат. Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого тапшырыктарды тариздөөдө төмөнкү документтер берилет:
- медициналык мекеменин дарыгеринин жолдомосу (оорунун баянынан көчүрмө);
- паспорт;
- пенсиялык күбөлүк;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн);
- иштеген жеринен маалымкат (иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга экинчи протез алуу үчүн);
-медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалымкаты.
Мекемени санариптештирүүдө дарыгердин жолдомосунан башка бардык маалыматтар мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы "Түндүктөн"алынат.
Республиканын алыскы региондорунан Бишкек шаарына келген адамдар кайрылган учурда ПОБду даярдоого жана майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоого жолдомону РПОБМ тарабынан берилет.
5.3. Протездик-ортопедиялык буюмдар тапшырыкчынын колуна берилет, ал эми почта бөлүмүнө өз алдынча келе албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга протездик-ортопедиялык буюмдар үйүнө жеткирилип берилет.
Бишкек шаарынан тышкары жашаган жарандарга протездик-ортопедиялык буюмдар почта аркылуу жиберилет:
- акысыз негизде алуучуларга - РПОБМдин эсебинен;
- акы төлөнүүчү негизде алуучуларга - тапшырыкчынын эсебинен.
5.4. Протездик-ортопедиялык көрсөткүчтөрү болгон учурда акысыз протездик-ортопедиялык тейлөөгө укуктуу адамдарга ушул Жобонун 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн буюмдар, ошондой эле:
- жылына эки жуп протезге жана ортопедиялык аппаратка бут кийим (жүнү бар жана жүнү жок), үчүнчү жуп бут кийим майыптыгы бар адамдарга белгиленген мөөнөткө чейин бут кийим эскирген учурларда зарыл болгон учурда толук наркы менен уруксат берилет;
- кошумча - жумушчу протез;
- кол жана бут протездерин алган адамдардын кесилген жерине эки жүн же кебез кездемеден жасалган кап.
5.5. Акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча каражаттары РПОБМдун Уставына ылайык эсепке алынат жана пайдаланылат.
6. Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана оңдоо мөөнөттөрү .
6.1. Протездик-ортопедиялык буюмдарды, анын ичинде ортопедиялык бут кийимдерди даярдоо тапшырыкты кабыл алган күндөн тартып 35 жумушчу күндүн ичинде ишке ашырылат. Аз татаалдыктагы ортопедиялык буюмдар (виленский шинасы, Цито шинасы, корсеттер, бандаждар, реклинаторлор, батектер) 10 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө даярдалат.
6.2. Протездик-ортопедиялык буюмдар төмөнкү адамдар үчүн кезексиз даярдалат:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда стационардык дарыланууда жүргөндөр;
- 16 жашка чейинки майыптыгы бар балдар;
- РПОБМДО каттоодо турган жана акыркы үч жана андан ашык жыл ичинде кайрылбаган майыптыгы бар адамдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына;
- "Кыргыз Республикасынын баатыры"жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамдар;
- башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майып аскер кызматчылары;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар;
6.3. Тапшырыкчы буюмдарды алган күндөн тартып 1 жылдан ашык эмес майыптыгы бар адамдардын пайдалануусунда турган протездик-ортопедиялык буюмдар оңдоого жатат. Колдонуу мөөнөтү эки жылдан ашпаган сапатсыз жана эскилиги жеткен протездик-ортопедиялык буюмдарды алмаштыруу же оңдоо акысыз протездик-ортопедиялык тейлөөгө укугу бар адамдарга модулдук протездерди кошпогондо жылына эки жолу кезексиз жана РПОБМдин эсебинен жүргүзүлөт.
6.4. Протездик-ортопедиялык буюмдарды оңдоо 7 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
6.5. ПОБду өндүрүү мөөнөтүнө майыптыгы бар адамдын күнөөсү боюнча узартылган убакыт кирбейт (ченегенге, оңдогонго жана башка себептер менен келбегенге).
6.6. Протездерди даярдоо жана даярдалган протездер боюнча талаш маселелерди чечүү үчүн РПОБМдин буйругу менен медициналык-техникалык комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү;
- РПОБМдун башкы врачы;
- РПОБМдун протездик техниги;
- РПОБМдун цехтеринин начальниктери.
7. Протездик-ортопедиялык буюмдарды алмаштыруу жана сактоо мөөнөттөрү.
7.1. Протездик-ортопедиялык буюмдарды алмаштыруу буюмдар тапшырыкчыга берилген күндөн тартып бир жылдан кийин жүргүзүлөт.
7.2. ПОБду алмаштыруу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- ортопедиялык бут кийимдерге-бир жылдан кийин;
- тиричилик шаймандарына-эки жылдан кийин;
- кол жана буттардын протездерине – бир жылдан кийин;
- буттардын модулдук протездерине - эки жылдан кийин;
- хлорвинил манжалары бар протездерге жана хлорвинил кабыкчаларга - даяр буюмдарды алган күндөн тартып алты айдан кийин;
- учтар (балдактарга жана таяктарга) жылына эки жолу.
Протездик-ортопедиялык буюмдар сынган же жараксыз болгон учурда аларды мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу РПОБМдин медициналык-техникалык комиссиясы түзгөн актынын негизинде жүргүзүлөт.
7.3. Протездик-ортопедиялык буюмдарды алмаштыруу антропометриялык көрсөткүчтөрдү (бою жана салмагы) эске алуу менен жүргүзүлөт, ПОБду ченөө бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
7.4. Даярдалган балдардын протездик-ортопедиялык буюмдарын сактоо мөөнөтү эки айды, ал эми чоңдордун протездик - ортопедиялык буюмдарын сактоо мөөнөтү үч айды түзөт.
Протездик-ортопедиялык буюмдарды алууга тапшырыкчы өз убагында келбеген учурда РПОБМ райондук/шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу даяр продукцияны алуу зарылдыгы тууралуу маалымат жиберет.
Каза болгондугуна, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткендигине же башка себептерге байланыштуу тапшырыкчыга берилбеген протездик-ортопедиялык буюмдарды сактоонун көрсөтүлгөн мөөнөттөрү аяктаган учурда алар РПОБМге кайтадан иштеп чыгуу жана андан ары пайдалануу максатында эсептен чыгарылат.