ПостановлениеУтратил силу

Постановление Кабинета Министров КР от 17 мая 2025 года № 261 «Об утверждении Порядка въезда (ввоза) на территорию Кыргызской Республики автотранспортных средств, зарегистрированных в уполномоченном органе другого государства, и их эксплуатации на территории Кыргызской Республики, а также выезда (вывоза) автотранспортных средств за пределы Кыргызской Республики»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 688 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 17-майы № 261

 

Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган

автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн

(ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо,

ошондой эле автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары

чыгаруунун (ташып чыгуунун) тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 "Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. “Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо, ошондой эле автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруунун (ташып чыгуунун) тартиби бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Шахимардан, Сох, Чоң-Гара, Таш-Дөбө жана Ворух анклавдарынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) өзгөчө тартиби мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекет орган тарабынан бекитилет деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 212 "Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн), чыгуусунун (ташып чыгуунун) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 20-майындагы № 36 (3692) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев