ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 30 апреля 2025 года № 3041-VII «О формировании счетной комиссии для проведения тайного голосования с использованием бюллетеней по избранию заместителя Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»

Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 30-апрели № 3041-VII

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 9 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

А.А.Козуев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

М.О.Темирбаева - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

Б.З.Түлөбаев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

Г.А.Кожокулова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Э.Ш.Айдаралиев - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

Б.А.Марипов - "Мекенчил" депутаттык тобунан;

Ч.И.Ажибаев - "Элдик" депутаттык тобунан;

Б.К.Чойбеков - № 21 Талас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.

 

Төрага

 

Н.Тургунбек уулу