ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 16 июня 2025 года № 341 «О создании государственного предприятия»Кыргызский центр спортивно-оздоровительной медицины«при Государственном агентстве физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики»

Редакцияот 16.06.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 16-июну № 341

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында спорттун жогорку жана улуттук түрлөрүн андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, спорттук медицинанын сапатын жогорулатуу жана спорттук психологияны киргизүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 44 (3700) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

2-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ