ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеш КР от 19 июня 2025 года № 3195-VII «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Протокола о внесении изменений в Соглашение о сотрудничестве государств – членов Организации Договора о коллективной безопасности в области перевозок воинских и других формирований, их движимого имущества, а также продукции военного назначения от 15 сентября 2015 года, подписанного 28 ноября 2024 года в городе Астане»

Редакцияот 19.06.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

 

 

2025-жылдын 19-июну № 3195-VII

 

“2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2015-жылдын 15-сентябрындагы Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 14-апрелиндеги чыг. № 23-3916) “2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2015-жылдын 15-сентябрындагы Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

 

Төраганын орун басары

 

 Ж.Э. Садырбаева