ПостановлениеДействует

Постановление айылного кенеша Жайылма от 28 апреля 2025 года № 27/VI «О повышении родительской оплаты за питание в детском саду Алтын Балаты»

Редакцияот 28.04.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 28-апрелиндеги № 27/VI

"Алтын Балаты бала бакчасында тамактануу үчүн ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө"

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, 28-беренесинин 6-пунктунун негизинде, ошондой эле ата-энелер чогулушунун протоколунун жана директору Д.Н. Калчаеванын, 2025-жылдын 1-май айынан тартып бала бакчадагы тамак-аш акысын ата-энелерден күнүнө 100 сомго чейин көтөрүү өтүнүчү менен жазган катын карап, талкуулап жана пикир алмашып,

Жайылма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтү тарабынан мыйзамдын негизинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамактанууга кошумча каржылоо токтотулгандыгына байланыштуу, бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, ата-энелердин төлөмү күнүнө 100 сомго көбөйтүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Алтын Балалык” бала бакчасынын директору Д.Н. Калчаевага жүктөлсүн.

 

 

Жайылма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.М. Жонгучкаев