ПостановлениеДействует

Кыдыр Аке айыл аймагынын Кайырма-Арык айылындагы коргоо зоналарынын чектерин бекитүү жөнүндө жергиликтүү кенешинин токтому

Редакцияот 17.07.2025
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

 

II чакырылышы

                                                                                                                                               

ТОКТОМ

                                                                                                                   

      02.07.2025 №74                                                    

 

    Кайырма-Арык айылындагы коргоо зоналарынын чектерин

бекитүү жөнүндө

                                               

 Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелинин №21“Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна таянып, айыл өкмөтүнүн актысынын негизинде аймактагы жер мунапысын ишке ашырууда жаралган көйгөйлөрдү чечүү жана жарандардын турак-жайларын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүү максатында айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

          1. Кайырма-Арык айылындагы коргоо зоналарынын чектери төмөндөгүдөй бекитилсин:

- айылдын батыш тарабындагы 3 кашардын коргоо зонасы 31 метр; 

- айылдын чыгыш тарабындагы (Пионер айылы жактагы) баздын коргоо зонасы 25 метр;

           2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн. 

 Төрага                                                                                  Б.С.Акунов