Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 7-февралындагы № 16/3 «Ак-Тал айыл айылмагынын айылдык»клубуна«Дүйшеева Тамара Бейшебекованын ысымын берүү жөнүндө» токтому
АК-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 7-февралы № 16/3
Ак-Тал айыл айылмагынын айылдык “клубуна” Дүйшеева Тамара Бейшебекованын ысымын берүү жөнүндө.
Дүйшөева Тамара Бейшебекованын жолдошунун кайрылуусунун негизинде, Ак-Тал айыл өкмөт башчысынын Р.Абышбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 19-августундагы №467 токтомуна ылайык Ак-Тал айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1. 2023-жылдын 4-фералындагы элдик жыйындын протоколунун негизинде Дүйшеева Тармара Бейшебековнанын жолдошу жана балдарынын кайрылуусу канаттандырылып, Ак-Тал айылындагы клубга Дүйшеева Тамара деген ысымы ыйгарылсын.
2. Учурда жазалуучу “Дүйшеева Тамара” атындагы бала бакчанын документ иштерин бүткөрүүдө жардам берүү жагы Дүйшөева Тамара Бейшебековнанын үй – бүлөсүнө сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өтмөт башчысына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы: |
| Д. Алыбаев. |