Постановление Жогорку Кенеша КР от 19 июня 2025 года № 3196-VII «О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О ратификации Протокола о внесении изменений в Соглашение о статусе формирований сил и средств системы коллективной безопасности Организации Договора о коллективной безопасности от 10 декабря 2010 года, подписанного 28 ноября 2024 года в городе Астане»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2025-жылдын 19-июну № 3196-VII
"2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 14-апрелиндеги чыг. № 23-3917) "2024-жылдын 28-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрагасынын орун басары |
| Ж.Э. Садырбаева |