ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 19 июня 2025 года № 3202-VII «О принятии в первом чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О присоединении Кыргызской Республики к Конвенции Организации Объединенных Наций о международных мировых соглашениях, достигнутых в результате медиации, принятой 20 декабря 2018 года в городе Нью-Йорк»

Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

 

2025-жылдын 19-июну № 3202-VII

"2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулары жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 23-апрелиндеги чыг. № 21-4299) 2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулары жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрагасы

 

Н.Тургунбек уулу