ПостановлениеДействует

Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-июлундагы № 46 «Зоналык коэффициенттер жана нарктык зоналардын баасы жөнүндө» токтому

Редакцияот 08.07.2025
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Бириккен Арашан айылдык кеңешинин I-чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 8-июлу № 46

 

Зоналык коэффициенттер жана нарктык зоналардын баасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404 берелерине ылайык 2025-2027-жылдар аралыгындагы турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналык коэффициенттер жана нарктык зоналарды бекитүү маселеси тууралуу Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Болгонбаев Самат Таалайбековичтин баяндамасын угуп жана талкуулап

 

Арашан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Арашан айыл аймагында турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналык коэффициенттер жана нарктык зоналар 1,0 болуп бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Н.К. Калыков