МетодикаДействует

МЕТОДИКА по мониторингу и оценке использования средств Фонда развития «Тенир-Тоо» Нарынской области и фондов развития районов Нарынской области Кыргызской Республики

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

5-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 370 токтомуна)

 

«Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча

методика

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 738 токтомунун редакциясына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикада (мындан ары – Методика) колдонулуучу терминдер:

1) индикатор – кандайдыр бир натыйжага же таасирге жетүү даражасын мүнөздөөчү көрсөткүч;

2) мониторинг – белгиленген пландарды аткаруунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү жана иш жүзүндөгү иш-аракеттердин/ натыйжалардын белгиленген стандарттарга же ченемдерге ылайык келишин текшерүү үчүн маалыматтарды топтоонун жана талдоонун үзгүлтүксүз процесси;

3) баалоо – убакыттын өтүшү менен кубулуштардын же көрсөткүчтөрдүн таасиринин натыйжалуулугун жана туруктуулугун талдоонун жыйынтыгы.

2. Ушул Методиканын максаты Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун (мындан ары – фонддор) байкоочу кеңештерине жана аткаруу органдарына каражаттардын пайдаланылышына жана ишке ашырылган долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.

3. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары боюнча аткаруу органы жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен отчетторду даярдайт жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.

 

2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын

уюштуруу

 

4. Аткаруу органы ушул Методиканын негизинде мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча өзүнүн методикасын иштеп чыгат, ал байкоочу кеңештин чечими менен бекитилет. Байкоочу кеңеш аткаруу органынын сунушу боюнча фонддордун мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитет. Мониторинг жүргүзүү тобунун сунушталган курамы:

1) байкоочу кеңештин өкүлү, байкоочу кеңештин чечими менен дайындалган мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси;

2) мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан чыккан, байкоочу кеңештин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына жиберилген байкоочу кеңештин өкүлү;

3) коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдардын атынан чыккан, байкоочу кеңештин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына жиберилген байкоочу кеңештин өкүлү;

4) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин чечими менен мониторинг жүргүзүү тобунун курамына жиберилген аткаруу органынын өкүлү.

5. Мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрү фонддордун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүүгө укуктуу.

6. Мониторинг жүргүзүү тобунун жетекчиси мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорун чогултуу жана талдоо боюнча тапшырмаларды мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрүнө бөлүштүрөт.

7. Мониторинг жүргүзүү тобу 31-декабрга чейинки мөөнөттө кийинки жылга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун планын иштеп чыгат.

8. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун планы аткаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун планынын формасы ушул Методиканын 1-тиркемесинде берилген.

 

3-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун

максаттары жана түрлөрү

 

§ 1. Мониторинг жана баалоонун негизги максаттары жана принциптери

 

9. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты бөлүнгөн финансылык каражаттардын чегинде коюлган максаттарга жетүүнү камсыз кылуу үчүн фонддордун каражаттарынын пайдаланылышына жана ишке ашырылган долбоорлорго реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүү жана баа берүү болуп саналат.

10. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги багыты – башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жөнүндө маалымат берүү. Маалымат жетиштүү, так, өз убагында берилген жана ишенимдүү болушу керек.

11. Мониторинг «эмне болду?» жана «баштапкыларга же белгиленгендерге салыштырмалуу кандай четтөөлөр аныкталды (кырдаалды талдоосуз)?» деген суроолорго жооп берет.

Баалоо «натыйжаларга кантип жетишилди?», «эмне үчүн четтөөлөр болду?» жана «каталарды кантип оңдоого болот (кырдаалды талдоо менен)?» деген суроолорго жооп берет.

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 «Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун (мындан ары – Типтүү жобо) талаптарына ылайык мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун төмөнкүдөй түрлөрү аныкталган:

1) финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын сактоо;

2) долбоорлордун аткарылышынын натыйжалуулугун баалоо;

3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.

13. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын даярдоонун типтүү этаптары аныкталды (1-диаграмманы караңыз).

 

1-диаграмма. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын даярдоо этаптары

14. Индикатор жетишкендиктерди өлчөөчү каражат катары кызмат кылат. Ал фонддордун ишинин натыйжасында же долбоорду ишке ашырууда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Индикатор коюлган максатка канчалык деңгээлде жетишилди деген суроого жооп берүүгө мүмкүндүк берет, башкача айтканда, реалдуу натыйжаларды пландалгандар менен салыштырат.

15. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын түзүү үчүн индикаторлордун төмөнкү түрлөрүн колдонуу сунушталат:

1) процесстин индикаторлору – убактысы жана аткаруу фактысы боюнча планда көрсөтүлгөн белгилүү бир иш-аракет кандай аткарылып жаткандыгы жөнүндө маалыматты чагылдырат;

2) натыйжалардын индикаторлору – иш-аракет аяктагандан кийин же анын орто аралык этабында натыйжага жетишүү жөнүндө маалыматты чагылдырат;

3) таасир этүүчү индикаторлор – субъекттин ишинин натыйжасында же долбоорду ишке ашырууда белгилүү бир объектке тийгизген таасирди көрсөтөт.

16. Ушул Методиканын алкагында сандык жана сапаттык индикаторлор да колдонулат:

1) сандык индикаторлор сандык мүнөздөмөлөргө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулат, мисалы, бөлүнгөн каражаттардын көлөмү, долбоорлордун саны, карыздардын көлөмү;

2) сапаттык индикаторлор сапаттык мүнөздөмөлөрдү чагылдырат, мисалы, канааттануу, кабыл алуу деңгээли, кандайдыр бир нерсеге болгон мамиле түрүндө.

17. Ар бир индикатор пландалган көрсөткүчкө салыштырмалуу бааланат. Пландалган көрсөткүчтүн мааниси 100 %га теңдештирилет. Индикатор иш жүзүндөгү көрсөткүчтүн пландалган көрсөткүчкө болгон катышы катары бааланат. Индикаторлордун аталыштары жана алардын пландык маанилери бардык фонддор үчүн бирдиктүү болуп саналат.

18. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет. 1-таблицада индикаторлорго баалоо жүргүзүүнүн мисалы келтирилген.

 

1-таблица. Белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык фонддордун каражаттарын пайдалануу боюнча индикаторлордун тизмеги (*)

Индикатордун

аталышы

Пландык мааниси

Иш жүзүндөгү мааниси

Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/ пландык мааниси) * 100 %

Ишке ашырылып жаткан долбоорлорго фонддор тарабынан мониторингдик сапарлардын саны

Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы санынын 20 %ынан кем эмес (100 %)

Долбоорлордун жалпы санынын 26 %ына мониторинг жүргүзүлгөн

 

26/20 * 100 % =

130 %

Фонддордун иши жөнүндө маалыматты туруктуу негизде жарыялоо жана жаңыртып туруу

Жылына 4 жолудан кем эмес (100 %)

Бир жолу жаңыртуу

 

1/4 * 100 % = 25 %

Индикатордун орточо баасы

 

 

(130 % + 25 %)/2 = 78 %

(*) Мисал.

 

§ 2. Фонддордун каражаттарын белгиленген эрежелерге

жана жол-жоболорго ылайык пайдалануу

 

19. Индикаторлор фонддордун дарегине өтүнмө ээлери тарабынан берилген долбоорлорду кабыл алуу, баалоо, бекитүү, каржылоо жол-жоболорунун Типтүү жободо көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык келишин баалайт.

20. Сандык маанилерин, баалоо методдорун, маалымат булактарын, баалоонун мезгилдүүлүгүн көрсөтүү менен фонд тарабынан жол-жоболордун сакталышын сыпаттаган индикаторлордун тизмеги 2-таблицада берилген.

21. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо маани эсептелет.

 

2-таблица. Белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык фонддордун каражаттарын пайдалануу боюнча индикаторлордун тизмеги

Индикатордун аталышы

Пландык мааниси

Иш жүзүндөгү мааниси

Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/

пландык мааниси) *

100 %

Ишке ашырылып жаткан долбоорлорго фонддор тарабынан мониторингдик сапарлардын саны

Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы санынын 20 %ынан кем эмес (100 %)

Пландык мааниге карата иш жүзүндө жүргүзүлгөн мониторингдик сапарлардын үлүшү (%)

 

Байкоочу кеңештин курамында коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн болушу

 

Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн 30 %ынан кем эмес (100 %)

 

Байкоочу кеңештин курамындагы коммерциялык жана коммерциялык эмес сектордун өкүлдөрүнүн иш жүзүндөгү үлүшү (%)

 

Индикатордун орточо баасы

 

 

 

 

§ 3. Финансылык каражаттардын максаттуу

пайдаланылышын сактоо

 

22. Индикаторлор фонддордун жана долбоорду аткаруучулардын долбоорду каржылоо планына жана долбоор боюнча иш планга ылайык долбоорду каржылоо менен камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн жана жоопкерчилигин баалайт.

23. Финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын сыпаттаган индикаторлордун тизмеги 3-таблицада берилген.

 

3-таблица. Финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын сактоо боюнча индикаторлордун тизмеги

 

Индикатордун аталышы

Пландык мааниси

Иш жүзүндөгү мааниси

Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/

пландык мааниси) *

100 %

Долбоорлор боюнча каржылоонун көлөмү менен каржылоонун жалпы көлөмүнүн ортосундагы катыштын сакталышы

Байкоочу кеңештин чечими менен долбоорлорго бөлүнгөн каржылоонун көлөмү

Долбоорлор боюнча каржылоонун иш жүзүндөгү көлөмү (%)

 

Иш жүзүндөгү сметасы пландалган сметага ылайык келген долбоорлордун саны (смета боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын беренелери смета боюнча пландалган чыгымдарга ылайык келүүгө тийиш)

Макулдашылган сметасы менен бекитилген долбоорлордун саны (100 %)

 

Сметадан четтөөлөрү бар долбоорлордун жалпы санынан иш жүзүндө ишке ашырылган долбоорлордун үлүшү (%)

 

 

Индикатордун орточо баасы

 

 

 

§ 4. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо

 

24. Индикаторлор бекитилген бюджеттердин алкагында аяктаган долбоорлордун максаттарына жана милдеттерине жетүүсүн баалайт.

25. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо индикаторлору 4-таблицада берилген.

 

4-таблица. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугунун индикаторлору

 

Индикатордун аталышы

Пландык мааниси

Иш жүзүндөгү мааниси

Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү маани/ пландык маани) * 100 %

Аяктаган долбоорлордун саны (инфраструктуралык долбоорлор үчүн объектти эксплуатациялоого киргизүү актысынын болушу, техника, жабдуулар үчүн муниципалдык мүлктүн реестрине киргизилиши аяктады деп эсептелет)

Учурдагы жылга байкоочу кеңештин чечими менен бекитилген долбоорлордун саны (100 %)

 

Иш жүзүндө аяктаган долбоорлордун саны

 

 

Бардык пландалган индикаторлорго жетишкен долбоорлордун саны (мисалы: «Футбол боюнча секцияны уюштуруу» долбоорунда

2 жумуш ордун түзүүлөрү жана 25 баланын футбол менен машыга тургандыгы көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө 3 жумуш орду түзүлгөн жана 30 бала футбол менен машыгууда. Долбоор өз максатына жетти)

Ишке ашырылган бардык долбоорлордун санын көрсөтүү

(100 %)

 

Билдирилген максаттарга, жетишилген долбоорлордун санын, индикаторлорун көрсөтүү

 

 

Акыркы керектөөчүлөрдүн ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасы (сапаттык индикаторлорго мониторинг жүргүзүү жана аларды баалоо методикасы ушул Методиканын 2-тиркемесинде берилген)

Орточо баалоо 3,5 баллдан төмөн эмес

(100 %)

 

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү баа

 

 

Индикатордун орточо баасы

 

 

 

 

§ 5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо

 

26. Индикаторлор бюджеттик мыйзамдардын ченемдерин, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жол-жоболорун сактоо жагынан фонддордун каражаттарын пайдалануунун максатка ылайыктуулугун жана долбоорлорду аткаруучулардын жоопкерчилигин 5-таблицага ылайык баалайт.

 

5-таблица. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо индикаторлору

Индикатордун аталышы

Пландык мааниси

Иш жүзүндөгү мааниси

Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси / пландык мааниси) * 100 %

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана башка текшерүүчү органдар тарабынан өткөн жылдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар аныкталбаган долбоорлордун саны

Ишке ашырылган долбоорлордун жалпы санын көрсөтүү (100 %)

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын сын пикирлери бар долбоорлордун санын көрсөтүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана башка текшерүүчү органдар тарабынан өткөн жылдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча бузуулар аныкталган долбоорлордун саны

Ишке ашырылган долбоорлордун жалпы санын көрсөтүү (100 %)

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын сын пикирлери аныкталган долбоорлордун санын көрсөтүү

 

Индикатордун орточо баасы

 

 

 

4-глава. Фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө статистикалык маалымат

 

26. Аткаруучу орган жылына бир жолудан кем эмес, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен фонддордун каражаттарын пайдалануу жөнүндө статистикалык маалыматты экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

Статистикалык маалыматтын тизмеги ушул Методиканын 3-тиркемесинде берилген.

 

5-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун

натыйжалары боюнча отчеттор

 

28. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары отчет түрүндө таризделет, анда мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат. Мониторинг жүргүзүү тобунун отчёту байкоочу кеңештин жыйналыштарында жылына эки жолудан кем эмес угулат.

Аткаруучу органдын мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча отчёту экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен жиберилет.

Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча отчеттун сунушталган формасы ушул Методиканын 4-тиркемесинде берилген.

Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжаларын визуалдаштыруу үчүн Excel программасынын негизинде «желекче диаграммасын» колдонуу сунушталат.

 

6-таблица. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары (*)

 

Индикаторлор тобунун аталышы

Индикаторлордун орточо баасы

Белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык каражаттарды пайдалануу

76 %

Финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактоо

85 %

Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо

64 %

Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо

100 %

(*) Мисал.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикага 1-тиркеме

 

 

Фонддордун каражаттарын пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы

 

№

Индикатордун аталышы

Пландык көрсөткүч

Иш жүзүндөгү көрсөткүч

Мониторинг жүргүзүү жана баалоо

методу

Маалымат булагы

Мониторинг жүргүзүү жана баалоо жүргүзүү мезгили

Жооптуу адам

1. Белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык каражаттарды пайдалануу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2. Финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикага 2-тиркеме

 

 

Фонддордун ишинин натыйжалуулугун баалоонун сапаттык индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо

методикасы

 

1. Методика ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына акыркы керектөөчүлөрдүн канааттануу даражасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.

2. Баалоо сурамжылоо методу менен жүргүзүлөт. Анкеталар сурамжылоонун катышуучуларына мобилдик телефон, WhatsApp боюнча электрондук билдирүү аркылуу электрондук почта боюнча жиберилет.

3. Баалоо учурдагы жылдан кийинки жылдын январдан февралга чейинки мезгилинде жүргүзүлөт. Баалоонун маалыматтары даярдалууга жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-мартына чейин жыйынтыктоочу отчетко киргизилүүгө тийиш.

4. Аткаруучу органдарга баалоону жүргүзүү үчүн сурамжылоолорду өткөрүү жана отчетторду даярдоо боюнча тажрыйбасы бар көз карандысыз компанияны жалдоо сунушталат. Компаниянын ишин каржылоо фонддордун бюджетинен консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун алкагында же эл аралык донордук уюмдардын колдоосу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына акыркы керектөөчүлөрдүн канааттануу даражасын баалоо:

1) отчеттук жылда ишке ашырылган долбоорлордун тизмегинен долбоорлордун 30 %ы тандалып алынат;

2) ар бир долбоор боюнча ал долбоордон пайда алып жаткан байланыш маалыматтары менен 3–5 адам аныкталат. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарды баалоо жүргүзүүчү компания кокустук тандоо методу менен аныкталат (сурамжылоого катыша турган адамдардын тизмегин кызыкдар тарап катары долбоордун жетекчилиги тарабынан берилишине жол берилбейт);

3) байланыш маалыматтарына суроолору бар анкета жиберилет (анкеталар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен адресаттарга жиберилет).

 

Таблица. Анкета

 

Суроолор

Катышуучунун жооптору

Баллдар (%)

Өткөн _____ жылы ___________________ облусунун/районунун ___________________ фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган ___________________ долбоорунун натыйжаларына канчалык деңгээлде канааттандыңыз?

 

5 баллТолугу менен канааттандым. Долбоор мага олуттуу жардам берди

100

4 баллКанааттандым. Долбоор жалпысынан коюлган милдеттерди аткарды

80

3 баллАзыраак даражада канааттандым. Долбоордун ишинде айрым бир кемчиликтер бар

40

2 баллДолбоордун ишине канааттанган жокмун. Долбоор коюлган максаттарга жетишкен жок

0

 

4) жооптору бар анкеталар келип түшкөнүнө жараша Excel-таблицаларында белгиленет (жооптору бар анкеталар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен кабыл алынат);

5) жооптору бар анкеталарды кабыл алуу аяктагандан кийин акыркы керектөөчүлөрдүн ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасынын индикаторун баалоонун орточо мааниси төмөнкүндөй формула боюнча эсептелет:

 

 ,

 

мында Оср – индикатордун орточо мааниси (% менен);

ΣOi – алынган бардык жооптордун баллдарынын суммасы (% менен);

Na – алынган жооптору бар анкеталардын саны.

 

Excel-таблицаны пайдалануунун мисалы:

 

Анкетанын номери

Алынган жооптор

Баллдар (%)

1

3

40

2

3

40

3

5

100

4

4

80

5

3

40

Индикатордун орточо мааниси

60

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикага 3-тиркеме

 

 

Каражаттарды пайдалануу жөнүндө статистикалык маалымат

 

1-таблица. Каражаттарды пайдалануу жөнүндө жыйынды маалымат

№

Долбоорлордун типтери

Учурдагы жылы бекитилген долбоорлор-дун саны

Каржылоонун бекитилген көлөмү

(млн сом)

Учурдагы жылы ишке ашырылган долбоорлордун саны

Өздөштү-рүлгөн каражат-тардын көлөмү

(млн сом)

Өтүүчү долбоор-лордун саны

Өтүүчү каражаттар-дын көлөмү (млн сом)

Учурдагы жылы түзүлгөн жумуш орундары-нын саны

Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор

1

Билим берүү

 

 

 

 

 

 

 

 

Мектептер

 

 

 

 

 

 

 

 

Бала бакчалар

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

2

Саламаттык сактоо

 

 

 

 

 

 

 

 

ФАПтар

 

 

 

 

 

 

 

 

ҮМБ

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

3

Маданият

 

 

 

 

 

 

 

 

Маданият үйлөрү/

кинотеатрлар

 

 

 

 

 

 

 

 

Инвентарь

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

4

Спорт

 

 

 

 

 

 

 

 

Спорттук комплекстер/

аянтчалар

 

 

 

 

 

 

 

 

Инвентарь

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

5

Социалдык коргоо

 

 

 

 

 

 

 

 

Имараттар/

курулмалар

 

 

 

 

 

 

 

 

Техника/

жабдуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

6

Мамлекеттик-муниципалдык башкаруу

 

 

 

 

 

 

 

 

Имараттар/

курулмалар

 

 

 

 

 

 

 

 

Техника/

жабдуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

7

Турак жай-коммуналдык чарба

 

 

 

 

 

 

 

 

Имараттар/

курулмалар

 

 

 

 

 

 

 

 

Техника/

жабдуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

8

Өзгөчө кырдаалдар

 

 

 

 

 

 

 

 

Имараттар/

курулмалар

 

 

 

 

 

 

 

 

Техника/

жабдуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

9

Ишкердик

 

 

 

 

 

 

 

 

Имараттар/

курулмалар

 

 

 

 

 

 

 

 

Техника/

жабдуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

10

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

 

…

 

 

 

 

 

 

 

 

2-таблица. Аткаруучу органдар тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун сыпаттамасы

№

Долбоордун өтүнмө ээсинин аталышы

Долбоордун кыскача сыпаттамасы

Пландалган каржылоо

Иш жүзүндөгү каржылоо

Түзүлгөн жумуш орундарынын саны

Долбоордун статусу (аяктаган, аяктаган эмес, башталган эмес)

1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор

Билим берүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Саламаттык сактоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Маданият

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Спорт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Социалдык коргоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик жана муниципалдык  башкаруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Турак жай-коммуналдык чарба

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөчө кырдаалдар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ишкердик үчүн шарттарды түзүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкалар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикага 4-тиркеме

 

 

Каражаттардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча отчеттун формасы

 

1. Жалпы маалымат (1 барактан ашык эмес):

1) фонд жөнүндө маалымат;

2) бюджет боюнча пландык көрсөткүчтөр;

3) фондду каржылоо булактары: ишканалар (жер казынасын пайдалануучулар), республикалык бюджеттин каражаттары, атайын каражаттар;

4) келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы саны жана аларды иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү.

2. Фонддун каражаттарын пайдалануунун оң натыйжаларын талдоо (2 барактан ашык эмес)

Учурдагы жылы фонд кандай ийгиликтерге жетишкенин көрсөтүү. Ийгиликтүү долбоорлордун мисалдарын келтирүү. Инновацияларды, жаңы технологияларды колдонуу менен долбоорлорго, ошондой эле бүтүндөй регионго таасирин тийгизген долбоорлорго өзгөчө басым жасоо.

3. Көйгөйлүү маселелерди талдоо

Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоодо кандай көйгөйлөргө туш болгондугун көрсөтүү. Кайсы маселелер чечилгендигин көрсөтүү.

Фонддун каражаттарын пайдалануу жана келип чыккан көйгөйлүү маселелерди чечүү бөлүгүндө экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштамалардын жана суроо-талаптардын тизмегин берүү.

4. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары

Индикаторлордун типтери боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары төмөнкүдөй берилет:

1) финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактоо;

2) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;

3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.

Индикаторлордун ар бир тобу боюнча Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикада берилген таблицалар толтурулган көрсөткүчтөрү менен берилет. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча алынган маалыматтарга талдоо жүргүзүлөт. Ийгиликтердин жана терс учурлардын себептери көрсөтүлөт.

Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары «желекче» диаграммасы түрүндө берилет.

5. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча тыянактар жана сунуштамалар

Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча фонддун аткаруучу органы өзүнүн ишине өз алдынча объективдүү баа берет. Талдоонун жыйынтыгы боюнча фонддун аткаруучу органы фонддун каражаттарын пайдаланууну жакшыртуу үчүн пландалган түзөтүүчү иш-аракеттердин тизмегин берет.».