ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 30 июня 2025 года № 376 «О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики»Об утверждении Программы развития эталонной базы Кыргызской Республики на 2024-2026 годы«от 15 мая 2024 года № 251»

Редакцияот 30.06.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 30-июну № 376

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 15-майындагы № 251 “2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын сапат инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 251 “2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктта:

– “39 588 000 (отуз тогуз миллион беш жүз сексен сегиз миң)” деген сөздөр “20 800 000 (жыйырма миллион сегиз жүз миң)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– “53 194 000 (элүү үч миллион бир жүз токсон төрт миң)” деген сөздөр “70 688 460 (жетимиш миллион алты жүз сексен сегиз миң төрт жүз алтымыш)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– “19 218 000 (он тогуз миллион эки жүз он сегиз миң)” деген сөздөр “20 511 540 (жыйырма миллион беш жүз он бир миң беш жүз кырк)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасында:

5-главанын алтынчы абзацында:

– “39 588 000 (отуз тогуз миллион беш жүз сексен сегиз миң)” деген сөздөр “20 800 000 (жыйырма миллион сегиз жүз миң)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– “53 194 000 (элүү үч миллион бир жүз токсон төрт миң)” деген сөздөр “70 688 460 (жетимиш миллион алты жүз сексен сегиз миң төрт жүз алтымыш)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– “19 218 000 (он тогуз миллион эки жүз он сегиз миң)” деген сөздөр “20 511 540 (жыйырма миллион беш жүз он бир миң беш жүз кырк)” деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев