ПостановлениеДействует

Фрунзе айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-июлу № 45 «Нива» Айыл чарба өндүрүштүк кооперативине таандык мүлктөрдү айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 16.07.2025
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 16-июлу № 45

 

«Нива» Айыл чарба өндүрүштүк кооперативине таандык мүлктөрдү айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-статьясынын 5-пунктуна жана «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-статьясына ылайык, айыл өкмөт башчысы Б.Т.Ашыкеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Чалдовар айылынын, Ленин көчөсүнүн №101 дарегинде жайгашкан «Нива» Айыл чарба өндүрүштүк кооперативине таандык, жалпы аянты 558,62 м² болгон клуб имаратты жана 910,0 м² жер тилкеси, айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.

2. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Чалдовар айылынын, Ленин көчөсүнүн №134 дарегинде жайгашкан «Нива» Айыл чарба өндүрүштүк кооперативине таандык, жалпы аянты 260,52 м² болгон административдик имаратты (контора) жана 480,0 м² жер тилкеси, айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Б.Т. Ашыкеевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Дюшалиев М.К.