ПостановлениеДействует

Төрт-Гүл айылдык кенешинин 2025-жылдын 29-июлундагы №46 «Чек айылындагы жана Чон-Кара айылындагы бала-бакча жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.07.2025
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

2025-жылы 29-июлу № 46

Чек айылындагы жана Чон-Кара айылындагы бала-бакча жөнүндө

 

Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн 2025-жылдын 25-июлундагы №01-06/497, №01-06/498 сандуу катарында Чек айылындагы эски банянын имараты “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу капиталдык ремонттон өткөн. Долбоордун талаптарына ылайык бакчанын айыланасын тосуу, таза суу менен камсыздоо жагын сураган жана Чоң-Кара айылындагы “Алтын-Балалык” балдар бакчасынын жылытуу сиситемасын куруп берүүсүн сураган  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын  VIIIсессиясы токтом кылат:

 

  1. Чек айылындагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу капиталдык ремонттон өткөн балдар бакчасынын айланасын тосууга жана тазасуу менен камсыз кылуу, Чоң-Кара айылындагы “Алтын-Балалык” балдар бакчасынын жылытуу системасын куруп берүүгө, таза суу менен камсыз кылууга акча каражаттын бөлүүгө  макулдук берилсин.
  2. Керектүү болгон иш кагаздары даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн администрациясына милдеттендирилсин.
  3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы комитетине жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 Н.Артыков