ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 23 сентября 2025 года № 605 «Об утверждении Порядка предоставления поручительства субъектам национальной экономики»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 23-сентябры № 605

 

Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү

тартибин бекитүү жөнүндө

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 631-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.            Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:

– 12-пункттун 5-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– белгиленген тартипте кепилдикти аткаруу механизмин ишке ашырууну камсыз кылат;”.

3.            Финансы-кредиттик уюмдарга ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.

4.  Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 509 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-январындагы № 42 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 182 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 462 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 “Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-майындагы № 217 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев