ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 6 сентября 2025 года № 568 «О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О подготовке и проведении сельскохозяйственной переписи в Кыргызской Республике в 2025 году» от 19 марта 2024 года № 122

Редакцияот 06.09.2025
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 6-сентябры № 568

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 19-мартындагы № 122 “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 122 “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2025-жылы айыл чарбасын каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иштердин календардык планында:

– 14-пункт “Калктуу конуштардын” деген сөздөрдөн кийин “(шаарларды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) саны менен жарыяланган.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев