Загрузка документа…
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
IX чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 27-февраль №4/4
2025-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык
иш чаралары жөнүндө
Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновдун 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү иш чараларынын түзүлүшү жөнүндө билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 34-беренесине негиз, маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин IX-чакырылышынын кезектеги тѳртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга Кербен шаарынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу иш чаралар планы бекитилсин.
2. Кербен шаарынын мэриясына тапшырылсын:
- Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чараларын түзүп, каражат бөлүүдө айылдар арасында теӊдештик принцибин сактоо;
- “Кербен суу канал”, “Миң-Булак Суу” жана “Кербен Тазалык жана Кѳрктѳндүрүү” муниципалдык ишканасына колдоо көрсөтүү максатында бѳлүнгѳн субсидиянын максаттуу пайдалануусун кѳзѳмѳлдѳѳ Кербен шаарынын мэрине милдеттерилсин.
3. Жергиликтуу бюджеттин эсебинен каржылануучу иш чаралар планынындагы маани-
маңызын өзгөртпөстөн беренерлерге жылдыруу Кербен шаарынын мэринин буйругу
менен аткарууга макулдук берилсин. 4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык
юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 5. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет. 6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу
комиссиянын төрагасы М.Кыдыралиевге жүктөлсүн.
Кербен шаардык
кеӊешинин төрагасы: А.Базарбаев