ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XIV СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 85
Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга
карата Мамлекеттик социалдык заказ боюнча
Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата Мамлекеттик социалдык заказ Программасы боюнча Ош шаарынын вице-мэри В.К.Рыскулованын маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2022-жылдын 3-ноябрындагы №13 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата Мамлекеттик социалдык заказ боюнча Программасы бекитилсин (программа тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (А.И.Мамбетов) 2022-2025-жылдарга карата Мамлекеттик социалдык заказ боюнча Программасын ишке ашыруу максатында иш чаралардын планын иштеп чыгуу жана аткаруу тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Баетов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |